Оморов, Тимурлан Исмаилович

Тимурлан Исмаил уулу Оморов (Timurlan Omorov; 1979-жылы 9-декабрда туулган) — кыргыздын заманбап тарыхчыларынын бири, PhD даражасынын ээси.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Тимурлан Исмаил уулу Оморов 1979-жылы 9-декабрда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы (мурдагы Тянь-Шань районундагы) Эчки-Башы айылында мугалимдин үй-бүлөмүндө туулган.
Атасы Исмаил Оморов айылдык мектепте физика сабагынын мугалими, мектептин директорунун орун басары болуп иштеген. Исмаил мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Энеси да айылда мугалим болуп иштеп, ардагерликке чыккан.

Тимурлан 1987-93-жж. Эчки-Башы айылындагы орто мектепте окуган. Андан соң коллеждже таалим алган.
1998 – 2003-жж. Тимурлан Бишкектеги Кыргыз-Түрк Манас университетинде тарых бөлүмүндө окуп, аны ийгиликтүү аяктаган.
2005-2008-жж. Тимурлан Түркиядагы Анкара университетинде Коомдук билимдер факультетинде магистратурада таалим алып, аны ийгиликтүү аяктады.
Андан соң 2009-2013-жж. Анкара университетинде социалдык билимдер факультетинде докторантурада окуп, докторлук диссертациясын жактады.
Жаш илимпоз тарыхчы Тимурлан Оморов азыркы учурда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде дарс окуп келет. Буга чейин ал Түркияда, андан соң Бишкек шаарындагы КМУ, БГУ сыяктуу университеттерде иштеген.

Илимий ишмердиги түзөтүү

Тимурлан Оморов XV к. – XX к. башындагы Борбордук Азиядагы түрк калктарынын тарыхы боюнча адис. Бул жаатта ал Түркиянын Анкара университетинде докторлук диссертациясын коргоду жана 2014-жылы түрк тилинде монографиясын жарыялады. [1]

Ал бир катар эл аралык илимий жыйындарда XVII к. – XX к. башындагы Бухара эмирлигинин, Кокон хандыгынын жана кыргыздардын тарыхы жана Чыгыш Теңир-Тоодогу саясий окуялар боюнча илимий баяндамалар жасап, макалалар жарыялаган.

Орусиялык чыгыш таануучулар Василий Бартольд менен Владимир Гордлевскийдин айрым макалаларын орусчадан түркчөгө которгон.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Үй-бүлөлүү.

Адабият тизмеси түзөтүү

  • Timurlan Omorov. Kırgızların Türkistan Hanlıkları İle İlişkileri (XV.-XIX. YY. Arası). Türkiye Alim Kitapları, 2014. - (October 7, 2014). (Turkish Edition) (Turkish) Paperback – ISBN-10: 3639670493. ISBN-13: 978-3639670493. - 305 б.
  • Timurlan Omorov. Türkistan’daki Özbek Hanlığının Kısaca Tarihi ve Özbek Boyları. – Макала. // TÜBAV BİLİM DERGİSİ. - Cilt 5, Sayı 3 (2012).

Анын доору, айылы тууралуу адабият тизмеси түзөтүү

  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – (Мында: 138-бетте). – ISBN 978-9967-25-256-1.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Ички шилтемелер түзөтүү

  1. Timurlan Omorov. Kırgızların Türkistan Hanlıkları İle İlişkileri (XV.-XIX. YY. Arası). Türkiye Alim Kitapları, 2014.