Эчки-Башы
Эчки-Башы — Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы айыл. Он-Арча айыл аймагына кирет.
Айыл өкмөтүнүн борбору Эчки-Башы кыштагында жайгашкан.
Отурукташкан жай
Эчки-Башы
|
Калкы
түзөтүүКалкы ― 1468 киши[1]. Айыл калкы жалаң кыргыздардан турат.
Айыылдагы калктын көбү кыргыздын тынымсейит уруусунун жаманак бөлүгүнүн ар кыл уруктарынан турат. Башка да кыргыз урууларынын (мундуз, кытай, адигине) өкүлдөрү бар.
Айрым учурларда башка этностордун өкүлдөрү да бир нече жылдап байырлашкан. Маселен, немис тектүү маркум педагог Владимир Унгефухт 1960-жылдары бул айылда орус жана немис тилдеринен сабак берген.
Кыскача таржымакалы
түзөтүүСоветтер Биримдигинин тушунда кыштак Кыргызстандын Тянь-Шань районунун (азыркы Нарын району) "Коммунизм" колхозунун борбору болгон.
Кыштакта Жусуп Иманалиев атындагы орто мектеп (анын жаңы эки кабар имараты 2017-жылы курулган), Жумакан Тынымсейитова атындагы эки кабат клуб бар.
Эчки-Башыдан чыккан инсандар
түзөтүүКыштактагы алгачкы мектепти Сулайман Молдо ХХ кылымдын башында кургандыгы айтылат. Ал айылдыктарды арап жазмасында кат жазууга үйрөтүп, топурактан мектеп тургузган.
Совет доорундагы мектепти курууга чоң эмгек сиңирген башка бир айыл аксакалы - Жусуп Иманаалы уулу (Иманалиев) болгон.
1919-жылдан тартып мугалим болгон Жусуп Иманалиев учурунда Нарын, Ысык-Көл облустарында отузга жакын айылдык мектептин ачылышына салым кошкон. 1947-жылы Кыргызстанга эмгек сиңирген мугалим деген ардак наамга арзыган.
Пост-советтик доордо Эчки-Башы айылындагы орто мектепке агартуучу Жусуп Иманаалы уулунун ысымы ыйгарылды.
Бул тоо койнундагы айылдан айтылуу манасчы Дуңкана Кочуке уулу чыккан.
Манасчы Дуңкананын вариантынын бөлүгү Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар бөлүмүндө сакталууда.
Кыргыздын чыгаан диктору Капар Алиев жана анын карындашы, кыргыздын туңгуч архитектор окумуштуу айымдарынын бири Вера Алиева да Эчки-Башы кыштагында туулуп өскөн. Алардын бир тууган агасы Абдырахман Алиев (1923--1971) Экинчи дүйнөлүк согушта туткунга түшүп, германдык нацисттик концлагерден качып чыгып, Европадагы антифашисттик кыймылдарга катышкан. [2]
Эчки-Башыдан акын айым Жумакан Тынымсейитова, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Кеңеш Жусупов сыяктуу белгилүү зыялылар туулуп өскөн.
Ушул айылдан чыккан башка таанымал инсандардын арасында Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер композитор Сайыргазы Түркмөнов менен Султан Мамбетбаев, тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Какен Мамбеталиева, тилчи окумуштуу, филология илимдеринин кандидаты, Анкара университетинин окутуучусу Гүлзуура Жумакунова, филология илимдеринин доктору Нуржан Осмон кызы Нарынбаева ж.б. бар.
Айылдын атагын чыгаргандардын арасында Социалисттик Эмгектин Баатыры Мукамбет Кожоканов, учурунда Кыргызстандын мамлекеттик жана ички иштер тармагында иштеп, генерал даражасына жеткен, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы "Алтын" комиссиясынын мүчөсү Бейше Молдогазиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, маркум Мукаш Эсеналиев, белгилүү журналист Сулайман Мамбеталиев (1928--2021), КДКнын Нарын облустук уюмунун жетекчиси (1990-1993) Жумамүдүн Кадырмамбетов, журналист жана ишкер Кубанычбек Чороев (1954--2019), ар кыл жооптуу кызматтарда иштеген Эрмек Кудайбергенов, Токон Жусаев, Курманбек Нурмукамбетов, кооперация тармагында иштеп, ардагер болгон Нурия Кадыркулова жана башкалар бар.
Бейше Молдогазиев 1940-жылы Нарын (мурдагы Тянь-Шань) районунун “Коммунизм” колхозуна караштуу Эчки-Башы айылында туулган. Ал 1983-жылдан советтик Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде саясий бөлүмдүн начальниги, кадр жана тарбия иштери боюнча министрдин орун басары болуп иштеген. Ал 1991-жылдын 26-октябрында СССР Ички иштер кызматынын генерал-майору даражасын алган. Б.Молдогазиев 1991–1994-жылдары “легендарлуу” Жогорку Кеңештин депутаты болгон. [3]
Айылды ийгиликтүү жетектегендердин арасында мурдагы колхоз башкармалары Кудаш Саралаев, "Ленин" ордендүү Жусай Байсабаев, айымдардын ичинен чыккан коомдук ишмер Күмүш Суран кызы, Садык Усупбеков жана башкалар болду.
Айылда таалим берген чыгаан педагог агартуучулардын арасында Өмүр Абдыкадыров, Самүдүн Шайкыев, Нурмукамбет (Кулум) Токтобеков, Кочкорбай Жумаев, Күлүйпа Жамантаева, Исмаил Оморов, Мукаш Акунов, Шакен Мамбеталиева, Батый эже, Жумакан эже, Батыйна эже, ошондой эле кийинки педагог муундун ар кыл өкүлдөрү бар.
Бул айылдан чыккан жаш окумуштуулардын бири - Түркиядагы Анкара университетинде докторлук диссертациясын жактап келген Тимурлан Исмаил уулу Оморов. Ал азыр Бишкектеги университеттердин биринде иштейт.
Айылдагы маданий жана башка жайлар, курулуштар
түзөтүүЭчки-Башыдагы жалгыз орто мектептин жанында тээ 1975-жылы эле 1941-1945-жылкы Улуу Ата мекендик согуштун каармандарына арналган чоң эстелик тургузулган.
Айылдан чыккан жүздөн ашуун жигиттер бул улуу согушка катышып, далайы кайтпай калган.
1920-30-жылдардагы сталиндик репрессия да нечендеген айыл азаматтарынын өмүрүн кыйган.
1990-жылдары айылга жаңы жамы мечит да курулган. Ага чейин Көлбай Молдонун, Бектемир молдонун, андан мурда Сулайман молдонун чакан мечиттери болгон.2004-жылы жуз кишилик жаны мечит салынды.
Айылдагы эң эски күмбөздөрдүн арасында дөбөдөгү Айты уулу Чоро ажынын күмбөзү өзгөчө тарыхка ээ. Бул күмбөз 1920-жылдары тургузулган.
Айыл калкы дыйканчылык жана мал чарбасы, ошондой эле токойчулук, сугат каналын жөндөө, соода-сатык менен кесиптенет.
Эчки-башылык малчылар адатта Солтон-Сары, Терс-Суу, Чуңкур-Суу, Көк-Дөбө сыяктуу жайлоолорго чыгышат. 2020-жылы жайында айылдыктар Терс-Муу жана Солтон-Сары жайлоолорунун экологиялык болочогун коргоого алган нааразылык жыйынды мектептин футбол талаасында уюштурушту.
Айыл жаштары спорт жаатында да коптогон ийгиликтерди жаратып келишуудо. Атап айтканда спорттун бокс туру боюнча 2007-жылы Рахатбек уулу Кожомкул КР өспүрүмдөр арасында үчүнчү орунду камсыз кылса, 2008- жылы Нурбек уулу Акылбек да үчүнчү орунду утуп алган.
Кыштакты айлантып курулган Он-Арча каналы көбүнесе коңшу "Эмгекчил" жана Миң-Булак айылдарынын талааларын сугарат.
2012-жылы июлда кыштактын Боз-Бешик дөбөсүнө "Мегаком" компаниясы өзүнүн сигнал кабылдагычын кургандан бери кыштак эли уюкфондун тейлөө кызматынан дурус пайдаланып калышты.Андан коп отпой "О" компаниясы да сигнал кабылдагычын орнотуп уюлдук байланыш кыйла жакшырды. 2013-жыл " Билайн" уюлдук компаниясы оз антенасын орнотту.
Эчки-Башы айылынын бейрасмий гимнинин текстин маркум жазуучу жана журналист Кубанычбек Чороев (1954-2019) жазган.
Пайдаланылган адабият
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук / Башкы редактор Б.Ө.Орузбаева. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1977-1980. - Т.1-6.
- Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – (Мында: 138-бетте). – ISBN 978-9967-25-256-1.
- Нарын облусу: Энциклопедия. Жооптуу редактор академик У.Асанов. - Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы ред., 1998. - (ISBN 5-89750-100-1)
- Урстанбеков Б.У., Чороев (Чоротегин) Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. — Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. — 288 бет. — (ISBN 5-89750-028-2)
- Макешов, Кабыл. Кыргызстан: Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы. - Бишкек: Турар, 2011. - 296 бет, сүрөттөр. - ISBN 978-9967-15-107-9.
Интернеттеги шилтемелер
түзөтүү- Он-Арча айыл аймагынын интернет барагы. - http://onarcha.naryn-region.kg/ Archived 2017-07-29 at the Wayback Machine
- http://www.presskg.com/kut/10/1029_8.htm Archived 2017-07-10 at the Wayback Machine
- Жусуп Иманалиев
- К.Мамбеталиеванын элесине багышталган жыйын
- http://www.azattyk.kg/content/kyrgyzstan_blog/24727387.html
- К.Жусуповдун энциклопедиялык жыйнактары (орусча макала)
- Гүлзура Жумакунова: “Элим баалаган эмгегим... Archived 2013-11-29 at the Wayback Machine
- http://www.centrasia.ru/newsA.php?st=1353994800 Archived 2016-03-16 at the Wayback Machine
- http://www.azattyk.org/a/ussr_stalinism_purge_1937_jailed_school_teacher_jusup_imanaliev_ky/29058513.html
- Нурмукамбет атанын батасы. 05.5.2017
- Генерал Молдогазиев versus ишкер Молдогазиев
Айыл элестери. Айыл инсандары. Сүрөттөр
түзөтүү-
Жазуучу Кеңеш Жусупов өзүнүн туулуп-өскөн Он-Арча айылында. 04.10.2012.
-
Жазуучу Кеңеш Жусупов жана генерал Бейше Молдогазиев өз жердештери менен. Он-Арча айылы. 04.10.2012.
-
Журналист, ардагер Сулайман Мамбеталиев өзүнүн Он-Арча айылында жакын туугандары Жумамүдүн Кадырмамбетов жана анын уулу Таалайбек Жумамүдүн уулу менен. 27.9.2012.
Ички шилтемелер
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- ↑ https://www.azattyk.org/a/wwii_iids_murdagy-sogush-tutqununun-tagdyry_2021_longread_abdyrahman-alijev_tch_ky/31171708.html
- ↑ https://www.azattyk.org/a/qyrgyzstan_1992-94_cemqorluqqa-qarshy-kueroesh_2021_bejshe-moldogaziev_tch_blog/31042073.html