Оорулууну багуу — оорулууга ар тараптан көз салуу жана врачтын сунушун аткарууну камсыз кылуучу иш чаралар жыйындысы. Оорулууну багуу дарылоонун бир бөлүгү. Медицина жаңы өнүгүп келе жаткан мезгилде, врач көпчүлүк ооруну дарылоого алы жете элек кезде оорулууну туура багуу гана оорулуунун жана жарадардын өмүрүн сактап калган. Азыркы мезгилдеги илимий техникалык прогресстин өсүшү, азыркы медициналык техника, өтө натыйжалуу дарылар болуп, операция абдан кылдат жасалса да, оорулуунун ишке жөндөмдүүлүгүн жана ден соолугун калыбына келтирүүдө оорулууну багуунун ролу чоң. Оорулууну баккан киши ага жагымдуу жакшы шарт түзүү, гигиеналык талапты сактоо, врачтын көрсөтмөсүн так аткаруу менен айыкпайт деген оорулуунун өмүрүн сактап калууга болот. Ал эми тескерисинче, оорулуу туура эмес багылса оорусу көпкө созулуп же өмүргө зыян келген учурлар белгилүү. Оорулуу ачуулуу, санаа кор, таарынчаак болот. Бул абалдан чыгаруу же алаксытуу үчүн ар кандай аракеттер жасалат, ал үчүн оорулууга кылдат мамиле жасап, оорусунан толук айыгып кетишине ишендирүү керек. Оорулууну багуу ден соолукту калыбына келтирүүдө чоң мааниге ээ. Ар бир оору бөтөнчө багууну талап кылат, бирок бардык эле оорулуу адамды багууда сактай турган жалпы эреже болот.

Катуу оорулуунун шейшебин алмаштыруу ырааттуулугу

Жалпы эрежелер түзөтүү

Оорулуу жаткан бөлмө мүмкүн болушунча жарык, жылуу (абанын температурасы 18—20°С) болууга тийиш. Үйдү күнүнө эки жолу ным чүпүрөк менен тазалоо зарыл. Кышкысын 3 жолу 10— 15 мин. желдетүү, жайкысын терезени такай ачып коюу сунуш кылынат. Желдетүү учурунда оорулууну жылуулап жаап, башын ороп, бетин ачык калтырат. Оорулуунун өздүк гигиенаны так сактоосуна көз салуу зарыл; күнүгө эртең менен жана кечинде жуунтуп, тишин 2 жолу тазалап, тамак ичкен сайын оозун чайкап, эгер мүмкүн болсо кемин- де жумасына бир жолу ваннага түшүрүү керек. Катуу оорулуунун бети колун күн сайын кайнаган сууга кебезди нымдап сүртүп, көзүнүн кычыктарына бор кислотасынын 2%түү жылуу эритмесин тамызып же кебез менен тазалоо, тилин, тишин жана тиштин этин бор кислотасынын 2%түү эритмесине же марганцовканын мала эритмесине кебезди нымдап тазалоо сунуш кылынат. Моюну менен көкүрөгүн, колтугун күн сайын жылуу, ным сүлгү менен сүртүп, кургата аарчуу зарыл. Эткел жана терчил оорулуулардын эти бышырбас үчүн колтугун, жука чурайын жана эмчегинин алдын жууп, арак же атыр менен сүртүп туруу керек. Катуу оорулуунун эти оюлуп кетпесин үчүн анын белин, куймулчагын камфора спирти менен сүртүп, куймулчагына таза жуулган эски жаздык тыш капталган тегерек резина коёт. Чачын күндө тарап, тырмагын дайыма алып, заара ушаткан сайын оорулуунун алдын кайнаган жылуу суу менен жууп туруу керек. Ич кийими менен шейшептерин кеминде жумасына бир жолу которуу сунуш кылынат. Оорулуу ным ич кийимчен жатууга болбойт. Оорулуунун төшөнчүсү менен кийимин которуунун өзгөчө ыгы бар. Оорулууну акырын төшөктүн четине жылдырып, шейшептин бошогон жагын оорулууну карай түрүп, таза шейшепти салып, кайра ордуна жаткырат. Эгер оорулууну төшөктө да кыймылдатууга болбосо шейшебин бутунан башын көздөй белге чейин түрүп, артынан жаңы шейшепти жылдырып, баш жагынан кир шейшепти сууруп алат, тазасын бырыштырбай тегиздеп салат. Катуу оорулуунун көйнөгүн чечүү үчүн колду анын далысына сойлотуп, көйнөгүн кежигесине жеткире жыйнап, эки жеңин удаа чечет. Оорулуунун бир колу майып болсо, адегенде соо колу, ал эми миокарддын инфарктында адегенде оң колу чечилет. Көйнөктү жаралуу колунан баштап, башынан ылдый карай бырышын жакшылап жазып кийгизет. Эгер оорулууга такыр кыймылдоого болбосо, ачык көйнөк кийгизген оң.
Төшөктөн турууга болбогон катуу оорулуунун астына күлтүк коюу үчүн куймулчак тушуна бир колду сойлотуп акырын көтөрүп, экинчи колу менен аны көчүктүн астына коёт. Күлтүктү бошотуп, ысык суу менен таза жууп, лизол же хлораминдин 3%түү эритмеси менен дезинфекциялайт, бул каражаттар болбосо марганцовканын коюу эритмесин колдонсо деле болот. Оорулуунун тамак-ашы ар түрдүү жана жагымдуу болууга тийиш. Аны күнүгө төрт, кээде андан да көп жолу, бир маалда тамактандыруу керек. Мүнөздөп тамактануу менен суюктуктун өлчөмүн врач дайындайт. Кыймылдай албаган оорулууну атайын идиштен же кичинекей чайнектен ичирген жакшы. Оорулууга тынчтык түзүү өтө зарыл шарт. Оорулууга дартынан айыкпасын айтууга болбойт. Өмүрүнүн акырына чейин анын көңүлүн көтөрүп туруу керек.

 

 
Оорулуунун койнөгүн которуу ырааттуулугу.

Дарылар тууралуу түзөтүү

Дары врачтын дайындаган убактысы, өлчөмү менен берилет. Оорулуунун температурасы күнүгө эки жолу бир маалда (эртең менен саат 8—9, кечинде 5—6) 10 мин. өлчөнөт. Кээ бир ооруда врачтын көрсөтмөсү боюнча температура тез-тез өлчөнөт. Оорулууну багууда жылыткыч, компресс, оңко, горчичник койгонду, ингаляция, клизма жасаганды, кээде ооруган жерге муз же кар салынган капчык басканды билүү зарыл.
Оорулууну багууда жалпы эрежелерден башка тигил же бул оорунун өзгөчөлүгүнө жараша бир катар кошумча чараларды аткарууга туура келет.

Демалуу жолу ооругандарды багуу түзөтүү

Дем алуу жолу өтө катуу ооругандарды төшөгүндө улам бир капталына оодарып жаткырып турат. Деми кыстыкса башын бийик жаздап жаткызып же колуна таянтып отургузуп (же креслого отургузган оң), бөлмөнү желдетип туруу зарыл. Оорулуу чыйрыкса, үстүнө жууркан жаап, ысык чай ичирип, жылыткыч коёт. Оорулууну соо капталына жаткырса какырык жакшы чыгат. Врачтын көрсөтмөсү менен дем алуу гимнастикасын жасатуу пайдалуу. Дем алуунун ылдамдыгына жана тереңдигине, какырыктын өлчөмү жана мүнөзүнө (кан, ириң, тамак аралашпы, жыты) көз салынат. Какырык оозу бек идишке чогултулат. Врач сунуш кылган дарыларды жана ар кандай процедураларды так аткаруу зарыл.

Жүрөк-кан тамыр системасы ооругандарды багуу түзөтүү

Жүрөк-кан тамыр оорулары кабылдаганда төшөккө жаткыруу зарыл. Жүрөк ишинин жетишсиздигинде деми кыстыгып, көгөрөт, жөтөлүп, кан түкүрөт, ак шишик басат. Бул белгилер өзгөрсө, күчөсө, капысынан деми кыстыкса, көгөрсө, көбүктүү какырык түкүрсө баккан киши кайдыгер мамиле жасабаш керек. Анткени ал жүрөк астмасынын, өпкө шишигинин белгилери болгондуктан тез врач чакыруу зарыл. Врач келгенче оорулууну чалкалата огургузуп, бөлмөгө таза аба киргизип, мүмкүн болсо кычкылтек жыттатат ([[Кычкылтек дарылоо]]). Эгерде бутун ак шишик басса, ичкен жана бөлүп чыгарган суюктуктун өлчөмүнө көз салып, суюктукту жана тузду аз берген оң. Гипертония оорулары менен ооруган кишинин башы айланса, башы ооруса, тез врач чакырып, ал келгенче далысына горчичник коюп, мурда врач сунуш кылган дары берилет. Стенокардия оорулуунун төш сөөгүнүн тушу ооруса валидол, карвалол берип, жардам болбосо жүрөктүн жана төш сөөгүнүн тушуна горчичник коюп, нитроглицерин берген оң. Эгерде булардан натыйжа болбосо медициналык тез жардам чакыруу керек. Жүрөк-кан тамыр ооруларында врачтын сунушусуз дарыны өз алдынча колдонуу өтө коркунучтуу (Жүрөк-кан тамыр системасы).

Ичеги-карын жолу ооругандарды багуу түзөтүү

Ичеги-карын жолунун ооруларында ич ооруйт, функциясы бузулат, бул учурда тез врач чакыруу керек. Диагнозу такталганча ооруну басаңдатуучу, ич алдырма дарыны берүүгө болбойт, клизма, жылыткыч коюу, кустуруу ар түрдүү кабылдоого алып келип, диагнозду тактоо кыйындайт.

 
Оорулуунун алдына күлтүк (судно) коюу.

Кусундуну же заңды врач келгенче сактоо зарыл. Карын жана ичегинин өнөкөт ооруларында (Гастрит, Колит, Панкреатит, Жара оорусу) жана алардын кабылдоосунда диета жана врач сунуш кылган дарыны колдонуу жана башкалар процедураны так аткаруу керек. Ар кандай «билермандардын» айтуусу менен алкоголду, өсүмдүктөн алынган жана татымал аралашмаларды колдонуу көбүнчө түрдүү кабылдоого алып келгендиктен, аларды таптакыр пайдаланууга болбойт. Боор жана өт баштыгынын ооруларында диета сактоо, витаминди жетиштүү өлчөмдө кабыл алуунун мааниси чоң. Ооруну басаңдатуучу дары, тюбаж, жылуу процедуралар врачтын сунушу менен гана колдонулат. Оорулуунун абалына (алсыроо, уйку басуу), теринин, заңдын жана зааранын өңүнө көз салуу керек.(Сарык)

3ыяндуу шишик оорулууларды багуу түзөтүү

Мындай оорулууларды багуунун өзгөчөлүгү бар. Оорулуу менен сүйлөшөрдөн мурда жакындары өз ара макулдашып алганы оң. Ага айыкпастыгы жөнүндө айтпай, сакайып кетишине ишендирүү керек. Анын көңүлүн көтөрүп, жакшылап багуу абалын оңойт. Мындай оорулуу төшөктө көпкө жатса терисин оюлуудан сактоо чараларын көрүү керек. Дары (ооруну басаңдатуучу жана уктатуучу) врачтын сунушу менен гана берилет. Тамакты тез-тез аздан берүү сунуш кылынат.

Хирургиялык оорулууларды багуу түзөтүү

Жеңил жарааттуу оорулууларды поликлиника жана травматалогиялык пунктта квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин гана үйдө багууга туура келет. Бут, колдун сыныктарында медициналык жардам көрсөтүлүп, врачка келүү күнү белгиленип, үйгө кетирет. Гипстеп таңылган болсо, жакшылап кургатуу керек. Таңгандан кийин шиший баштаса, оорусу күчөйт, манжалар көгөрүп, кыймылы азаят. Бул учурда врачка барып же үйгө чакыруу керек. Таңууну өз алдынча кесүүгө, чечүүгө болбойт. Гипс таңуу катыгандан кийин соо муунду, бут же колдун манжаларын кыймылдатуунун мааниси чоң. Гипс таңууну чечкенден кийинки айыктыруучу гимнастиканы такай жасоо сыныктын бүтүшүнө, ал органдын ишке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүдө мааниси чоң. Кабыргасы сынгандын дем алуусу кыйындаса чалкалата отургузулат. Көкүрөгү кысыла таңылып калса, кан түкүрсө врач чакыруу зарыл. Жараат, күйүк болгондо үйдө багууда баарыдан мурда таңуунун туура коюлганына жана кургактыгына көңүл бурулат. Эгерде таңуу жылып кетсе жараатты ачпай туруп, үстүнөн стерилденген таңуу менен таңган оң. Оорулуунун абалы начарласа врач чакыруу керек.

 
Катуу оорулууну эртең менен жуундуруу ырааттуулугу

Жугуштуу оору менен ооругандарды багуу түзөтүү

Мындай оорулууларды туура багуу дарылоонун бир бөлүгү болуу менен эпидемияга каршы маанилүү чара болуп саналат. Жугуштуу оору менен ооругандарды мүмкүн болушунча өзүнчө бөлүп, башка кишилер менен жолуктурбай, бир гана киши бакканы оң. Өзүнчө идиш бөлүнүп, кийим-кечеси, шейшеби өзүнчө жуулуп, кайнатылат. Оорулуу жаткан бөлмө күнүнө 2 жолу жуулуп, буюмдары дезинфекциялоочу эритме менен сүртүлөт, бөлмө күнүнө 3 жолу желдетилет. Ичеги-карын инфекциясы менен ооругандарды баккан адам колун улам-улам самын же хлор акиташынын 0,5%түү эритмеси (0,5 л сууга 1 чай кашык) менен жууп туруусу зарыл. Денеси ысып, калчылдаган оорулуунун үстүн жаап, жылыткыч коюп, ысык суюктук ичирет. Ысытма убагында оорулуунун ичеги-карынынын функциясы бузулат, анда ооз көңдөйүн таза кармоо керек. Антибиотик менен дарылоодо ооздун былжыр челинде ак кебер пайда болот, аны кырып алууга болбойт (Кандидоз).

Нерв системасы оорулууларды багуу түзөтүү

Нерв системасы жабыркагандар өтө оор абалда болуп, аны кыймылдатууга болбойт, ошондуктан ооруканага жеткирбей үйдөн дарылоого туура келет. Мээнин кан айлануусу бузулган оорулууга өзгөчө көз салуу сунуш кылынат. Инсульт болгонду башын өйдөрөөк жаздап, чалкасынан жаткырат. Тиш протези болсо кекиртегине тыгылып калбашы үчүн алып коюлат. Башына муздак басып, бутуна жылыткыч койгон оң. Эсин жоготкон оорулууга врач азыктандыруучу клизма жасайт (Жасалма тамактандыруу), акыл-эси менен болсо суюк тамакты (шире, компот, ботко, чай) кашык менен ичирүү керек. Заарасы чыкпай калса, врач же медсестра катетр менен заара кылдырат. Өпкө иши бузулбас үчүн оорулууну 3 — 6 күндөн кийин капталына оодарып, дем алдыруу гимнастикасынын элементтерин жасатса болот. 7 —10 күн өткөндө пассивдүү айыктыруучу гимнастика, 10—15 күндөн кийин жеңил массаж жасаса болот. Шал болгон оорулуу бирөөнүн жардамына өтө муктаж (Шал). Талманын мүнөзү, булчуңдун түйүлүшү, акыл эсин жоготуусу, тилин чайноосу, оозунан көбүк чыгарышы жана башкалар жөнүндө врачка билдирүү керек. Талма кармаганда бир жерин кокустатып албашы үчүн башына жумшак жаздап, тилин тиштеп албас үчүн оозуна катуу нерсени чүпүрөккө ороп салат. Нерв системасынын катуу кармаган жугуштуу ооруларында, ошондой эле баш сөөгүнүн жабык травмасында психика бузулат. Мындай оорулууга өтө тынч абал түзүп, төшөккө жаткыруу зарыл, жеңил диета, жутуу бузулса азыктандыруучу клизма, жасалма же түтүк менен тамактандыруу керек. Жыныс органы ооруган аялдарды багуу. Мындай оорулуулардын жатын кынын жууп, ага дары киргизүүгө туура келет. Ошондой эле медициналык кызматчы массаж жасайт. Сырткы жыныс органы күнүнө эки жолу (эртең менен, кечинде) жуулат. Ак суюктук көп келсе, жатындан кан акса бат-бат жуунтуп, койгон чүпүрөктү тез-тез алмаштыруу керек. Кош бойлууну, төрөгөн аялды, ошондой эле кош бойлуулук жана төрөттөн кийинки оорулар жөнүндө (Кош бойлуулук, Төрөттөн кайинки мезгил, Төрөт, Талгак).

3аара бөлүп чыгаруучу органы оорулууларды багуу түзөтүү

Бул оору менен көбүнчө кары кишилер ооругандыктан, аларга өзүнчө көз салуу талап кылынат. Мындай оорулуулар өздүк гигиенаны сактабаса абалы начарлайт. Зааранын өңүнө, өлчөмүнө көз салып, врачка билдирип туруу зарыл. Оорунун мүнөзү, кайсы жери ооруганы, тез-тез заара кылгысы келүү же зааранын токтобой калышы жөнүндө да врач билиши керек. Заара чыкпай калганда табарсык тушка жылыткыч коюп, клизма жасап, улам бир капталына оодаруу да жардам берет. Бөйрөгү өнөкөт оорулуунун капыстан башы ооруп, уйку басып, айрым булчуңдарынын тартышы бөйрөк ишинин начарлашынын белгилери болушу мүмкүн (Уремия). Бул белгилер болгондо тезинен медициналык тез жардам чакыруу зарыл. Өнөкөт бөйрөк оорулуулар диетага чоң көңүл буруулары керек. Суюктук, туз, белок (айрыкча малдын) көп азыктар аз пайдаланылат. Тамак витаминдүү (өзгөчө С витамини) болушу керек. Мындай оорулуулар суукка чыдамсыз келишет, ошондуктан жылуу кийинип, сууктан сактанган оң. Операция жасалган оорулуунун дренажы кан, былжыр, туз менен бүтөлүп калышы мүмкүн, ошондуктан өз убагында жууп же алмаштырып турат. Операциядан кийин заара жыйнагыч сунуш кылынса аны өз убагында бошотуп, жууп, 2—3 суткада бир кайнатып же дезинфекциялоочу каражат (марганцовка, фурацилин жана башкалар) менен тазалайт.

Кулак, мурун жана тамак оорулууларды багуу түзөтүү

Катуу кармаган жана өнөкөт ириңдүү отитте врачтын сунушу боюнча кулакты күнүнө бир нече жолу тазалоого туура келет. Кулакка дарыны дене температурасындай жылытып, оорулууну капталына жаткырып, кулак калканын өйдө тартып туруп тамчылатат, андан кийин оорулуу 20—25 мин. жата турганы оң. Ангинада тамакты жылуу эритме менен чайкап, жууп туруу зарыл. Ингаляцияны үйдө жасаса болот (Ингаляция). Дем алуу жолун буу менен күйгүзүп албас үчүн кагаз түтүкчөсү аркылуу чайнектин чоргосунан дем алуу керек. Мурунга дарыны оорулууну отургузуп, башын чалкалатып же чалкасынан жаткырып тамчылатат. Көзү оорулууларды багуу. Мындай оорулууну багуучу киши медициналык кызматкердин көрсөтүүсү менен көз жууганды, дары тамчылатууну, май сүйкөөнү, көздү таңууну үйрөнүп алганы оң. Ным кебез менен көздү аңтарып, былжыр челге 1—2 тамчы дары тамызат. Көздүн алдыңкы терисин ылдый чоё тартып, айнек таякча менен көз майын салат, бул учурда оорулуу жогору кароого тийиш. Көзүн жумгузуп, жеңил массаж жасалат. Көздүн жугуштуу ооруларында тамчылаткыч, айнек таякча колдонулган сайын кайнатылат.

Теринин жара оорулары менен ооругандарды багуу түзөтүү

Мындай оорулуулардын өздүк гигиенаны сактоосу, гигиеналык жана дары ванналарына (врачтын сунушу менен) түшүүсү маанилүү. Жугуштуу тери ооруларын таратпоого аракет жасоо өтө зарыл. Башы грибок оорусу менен ооругандар (Микроспория) даки же чүпүрөк топу киет. чачын кырганда чачты жана какачты жакшылап чогултуу зарыл. Эпидермофития менен ооругандар бут кийимин дезинфекциялап, башка киши кийбеши керек. Пиодермияда (Теринин ириңдүү жаралары) жаранын тегерегин спирт эритмеси менен тазалап, таңууну өрттөп, микробдун тарашына каршы чаралар көрүлөт. Экзема жана нейродермит менен ооругандардын көңүлүн көтөрүп, убагында уктоосуна көз салынат. Дарыга малынган кебез же чүпүрөк басууну, нымдуу кургаткыч таңууну, дары аралашмасы, май, паста сүйкөөнү билүү зарыл. Нымдуу таңууну 5—6 кат дакини дары аралашмага чылап, жаранын үстүнө коюп, үстүнө ным сиңдиргич кебез коюп таңат. Дары аралашманы кебез дакиге сиңирип коёт да, суткасына 2 жолу алмаштырылат. Дары май териге жука сыйпалат. Пастаны териге темир же жыгач шпатель менен сүйкөп, үстүн бош таңып коёт. Май жана пастаны өсүмдүк майына чылаган кебез менен тазалайт. Психикалык оорулууларды багуу. Мындай оорулуулар өтө түнт, киши менен ымаласы келишпейт же тескерисинче тынчы жок, урушчаак болот. Ошондуктан аларды багууда сабырдуу жана чыдамкай болуу керек. Бул оорулууларды үйдө дарылоодо жагымдуу шарт түзүү, ошондой эле оорусунан алаксытуунун мааниси чоң. Жакындары врач сунуш кылган дарыны өз убагында ичүүсүнө, режимине, кылык-жоругуна көз салып, ал жөнүндө врачка билдирип туруу керек.

Оорулуу баланы багуу түзөтүү

Ар бир эне оорулуу баланы бага билүүгө тийиш. Оору баарыдан мурда баланын мүнөзүн өзгөртөт: бала чыргоолонуп колдон түшпөй, тамак ичпей шалдырайт. Мындай учурда анын температурасын ченеп, төшөккө жаткырып, врач чакыруу керек. Ооруп калган баланы поликлиникага алып барууга, врач келгенче дары-дармек берүүгө болбойт. Баланын ичи ооруса ага жылыткыч коюу, ич алдырма дары берүү опурталдуу. Эгер ичи өтүп, кусса врач келгенче тамак бербей, кайнаган суу же чай жуткуруу керек. Анын жалаяктагы же күлтүктөгү заңын (заарасын же кусундусун) врач келгенче сактоо зарыл. Оорулуу балага тынч абал түзүп, айрыкча эти ысыса сак болуу керек. Баланын керебети жарык жерде, бирок бетине жарык түшпөгөндөй турууга тийиш. Төшөнчүсүн күн сайын которуп, клеёнкасын сүртүп, ороо-чулгоосун жайып сергитип, бөлмөнү бат-бат желдетүү сунуш кылынат. Балага врачтын көрсөтмөсү боюнча гана тамак берилет. Эгер тамакка табити тартпаса, аны зордобой, аз-аздап ичирүү керек. Эмчектеги бала ооруса, эмчекти саап же кайнаган жылуу суу берген оң. Оорулуу балага, өзүнчө анын эти ысыса, суюктукту аз-аздан тез-тез берүү сунуш кылынат. Баланын ичи ооруп өтсө, ал суюктукту көп жоготот, ошондуктан 15—20 мин. сайын суу ичирүү пайдалуу. Баланын денеси таза болушуна көз салуу зарыл. Кайнаган сууга кебезди нымдап, бетин, мойнун, кулагынын тегерегин сүртүп, колун бир нече жолу жууш керек. Заңдаган сайын баланын астын жууп, вазелин сүйкөө, эгер врач уруксат берсе, ваннага түшүрүү сунуш кылынат. Көзүн дайыма эртең менен бор кислотасынын 1 же 2%түү эритмеси менен (чыкыйдан мурдун көздөй) сүртөт. Көзүнүн былжыр чели сезгенип, көзү чылпактаса, жаздыгына бир нече бүктөм ороп төшөп, баланы капталына жаткыруу (оору көзү жагына) керек.

Мурдунан суу агууда түзөтүү

Баланын мурдунан суу акса, даки же жумшак чүпүрөк менен сүртөт. Таноосун кебезди чыйратып алып чукуп тазалап, мурдуна дары тамызат. Жогорку дем алуу жолу ооруган баланы утуру бир капталына жаткыруу, көбүнчө колго алуу (боорго бекем кыспай) сунуш кылынат. Тери оорусунда ич кийим, шейшеби сөзсүз кайнатылып, үтүктөлөт. Төрт бүктөм даки же таза ак чүпүрөктү дарынын эритмесине малып, ооруган жерге басса болот. Ар 20 мин. сайын чүпүрөктү албай туруп, тамызгы же кашык менен ага суюк дары тамчылатып туруу керек. Бетке дары маска түрүндө сыйпалат. Ал үчүн дарыны дакиге салып, мурундун, ооздун, көздүн тушун тешип бетке жаап, дакинин учтарын кежигеге байлайт. Суюк дарыны кашык менен ичирет. Таблетканы жанчып, сууга эритип берген жакшы. Ачуу дарыны кашыкка салып, азыраак таттуу кошуп же артынан таттуу чай жуткузат.

Эмчектеги балдардын оорусу түзөтүү

Үч жашка чейинки (айрыкча эмчектеги) балдардын оорусу көбүнчө ичи көөп ооруп тынчы кетүү менен коштолот. Мындай учурда 2—3 мин. киндигинин тегерегин солдон оңго айланта акырын укалоо керек. Акырында укалоо айланта сылоо менен бүтөт. Баланы жылытуу үчүн резина жылыткычты пайдаланууга болот, андагы суунун температурасы 50—60° Сден ашпоого тийиш, бир нече бүктөм даки же таза кездемени жылуу сууга (40— 50° С) нымдап, балага жылыткыч компресс жасаса болот.
Баланы дарылоо ваннасына түшүрүү үчүн аны ийнине чейин сууга (температурасы 36°) чөмүлтүп, андан соң этияттык менен ысык суу куюп, анын температурасын 39 — 40° Сге жеткирет. Башын жуубайт. Ваннадан кийин баланы жылуу ороп, бутуна жылыткыч коюу керек.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8