Орозалиев Султан (1921, Чүй облусу, Москва району, Чоң Арык кыш. - 1992, Бишкек) - геогр. илиминин кандидаты (1954), профессор (1989).

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Кыргыз пед. институтунун геогр. факультетин бүтүргөн. 1953-ж. чейин КирФАНдын энергетика бөлүмүндө кенже илимий кызматкер, 1953-жылдан КМУнун геогр. факультетинде окутуучу, профессор болуп эмгектенген. Кыргыз адистеринин ичинен биринчилерден болуп кандидаттык ил. даражага ээ болгон. Кыргызстандын экономикалык географиясы боюнча адис. Негизги ил. эмгектери Кыргызстандын айыл чарбасына арналган. Анын «Кочкор өрөөнү», «Суусамыр», «Түндүк Кыргызстандын жайыттарынын өзгөчөлүктөрү», терминология боюнча «Географиялык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү» (1966), о. эле окуу методикалык, мектеп окуучулары үчүн «Кыргызстандын экономикалык географиясы» (1978), «Кыргыз ССРинин географиясы» (авторлош, 1982) ж. б. эмгектери жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2