Орозумбет саяпкер Мырзалы уулу (т, ө.ж.белгисиз, Каныш-Кыя айылы) - 19-кылымда жашап өткөн белгилүү саяпкер.

Чаткал, Фергана, Аксы, Анжиян, Талас, Олуя-Атага чейин атагы таркаган даңазалуу саяпкер. Ар кандай төрт туягы бар жылкыны бир жолу байгеден оздурууга күчүм жетет деп айтчу экен. Тайкашка, Айкашка деген күлүктөрү аш-тойлордо көп жолу байгелүү орундарга ээ болуп, кыргыз-казакка аты дайын болгон. Орозумбет саяпкердин окуялары, күлүк таптоо өзгөчөлүгү, кесиптик чеберчилиги өз учурунда азыркы Кыргызстандын аймагынан тышкары көп элдерге Tapan, анын аты-жөнү, өнөр дарамети өзүнчө аңыз кепке айланып келген.

Орозумбет саяпкер кыргыздын кушчу уруусунун ичинде акмак уругуна таандык болот. Ал өз өмүрүндө Айдаралы бий, анын баласы Дадабай өңдүү колунда бар адамдардын күлүгүн таптап, өз өнөрү менен эл жакшыларын жандап, эшигине эки-үчтөн күлүк (Айкашка, Тайкашка) байлап, элге алымдуу, казак-кыргызга кадыры сиңген адамдардын катарында жашап өткөн. Орозумбеттин озгон акыл-парасаты, көрөгөч-көсөмдүгү менен Чаткал эли көп жерлерде чоң байгелерге ээ болуп, ар-намысы башынан тайбай келген. Орозумбет сапкердин ат таптоо өнөрү, башкалардан болгон өзгөчөлүгү жөнүндө анын жанында жүрүп, жаш кезинен баштап тарбиясын алып, «ата-бала» болуп калган шакирти Жумабай (Чырмагул) Айтбай уулу өз устаты жөнүндө айрым окуяларын айтып, төмөнкүдөй эскерчүэкен: «Орозумбет атамын Айкашка, Тайкашка деген күлүктөрү болор эле. Чоң байгелерге экөөнү тең кошкош учурларда бирөөсүнө эки кочушка кем жем берчү. Эмнеге аз бердиңиз? - десем, экөөсү тең бирдей маарага биринчи келип, бирин-бири кыйнап коет дечү. Бир жылы Таласта бир бай атасына аш берип, биз да Ай кашканы алып бардык. Бир жума мурда барып, атка өзүнчө боз үй тигип, ичине жем-чөбүн камдап бактык. Ал убакта коно байге чабылчу. Аттарды бир күн мурда айдап, түнү менен жүрүп, аттар коё берилүүчү жерге жеткирилип, эртеси таң атканда байгеге уруксат берилмек болду.

Аралыгы 35-40 км. Жолдо бара жатканда Орозумбет атам мага өзүнүн адаттагыдай эле негизги кеп-кеңешин айтуу менен менин белимее жарты нан түйүп, бир сайга келгенде суу агып өтөт, ошол жерге жеткенде ат тилин чыгара баштайт, ошондо токтоп, аттан түшүп, ооздугун чыгарып, колуң менен оозун ачып тилин суу менен эки-үч жолу жууп туруп, анан азыраак суу ичирип алып, жанагы жарты нанды атка бер да аттардын артынан келе бер. Аларга жакын жүрбө, урунуп ат жыгылат жана күчү кетет.

Ошондуктан, оолак жүрүүгө тырыш. Жол тоскондорго «Талас» деп кыйкырып келе бер.

Маарага 100-150 метр калганда гана 2-3 жолу камчы салып, анан «Чаткал» деп кыйкыргын.Эл антип-минтип эс-учун жыйганча, сен маарага жетип, көпчүлүктүн алдынан өтүп кетесиң» - деп түшүндүрдү.Айтканындай жасадым.Баягы сайга келгенде ат чын эле тилин чыгара баштады да сууга моюн сунуп, кылчактай калды. Ошол замат аттан түшүп, ооздугун чыгарып, колум менен тилин 2-3 жолу суу менен жууп туруп, анан бир-эки жутум гана суу ичирип, белимдеги жарты нанды бердим эле, жаныбар Ай кашка эки эле тиштеп жеп койду.Дароо эле аттанып, элдин артынан түштүм.Аттар 1-1,5 чакырымдай узап кеткен экен.Баарын Орозумбет атам айткандай жасадым.Баш байгеге ээ болдук.Кечинде аштын ээси өзүнчө тай союп, Орозумбет атамды баш кылып, бизди сыйлады.Ошого чейин эле Орозумбет саяпкер бизге айтты: «Ай кашканы жемдеп, жолго даярдагыла, караңгы кирери менен жөнөй бергиле, мен аркаңардан барып калам» деген эле.Тайдын эти бышып, Орозумбетке уча тартылды.

Ошондо аштын ээси: «Желе чөбүн берейин.Мал алсаң мал, кыз алсаң кыз ал. Атты таштап кет»-деди. Анда Орозумбет атам айткан экен: «Эртерээк айтсаң болмок экен. Ай кашка азыр Чаткалда, өз акурунда чөп жеп турат»-дегенде эле аштын ээси жигиттерине буйрук берип, куугун жөнөттү.

Алар Кара-Бууранын түбүнө келгенде биз белдин чокусуна чыгып, Чаткалга ашып кетгик. Ай кашканы ошентип Таластан аман-эсен алып келгенбиз» деп эскерчү. Орозумбет саяпкер учурунда ар кандай төрт аяктуу жылкыны бир жолу байгеден чыгарууга кудуретим жетет дечү экен. Бул атактуу саяпкердин өмүр тагдыры, өнөр өзгөчөлүгү жөнүндө учурунда көркөм чыгармалар (К.Бектенов.«Саяпкердин көз жашы».Фрунзе, «Адабият».1990-ж.) да жазылып, жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6