Оро-төбөтопоним . Кыргызга жамаатташ элдер жашаган шаар. Манастын төрөлүшүнө байланыштуу берилген тойго кабар жиберерде айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 75). Жакып Манаска кыз издеп жүрүп басып өткөн жер (Сагымбай Орозбаков, 2. 350). Көкөтөйдүн ашынан кийин кандар чогулуп Манаска каршы кутум уюштурганда «Орчун, Кокон, Маргалаң, Оро-Төбө, Самаркан, Анжыян элин айдаган» (Сагымбай Орозбаков, 4. 52), — деп Санжыбек кандын жери катары айтылат. Географиялык реалияда өткөн замандарда Орто Азиянын маданий борборунун бири, азыркы учурда Тажикстандагы шаар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4