Ортомчу (Mediator) - Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштарда түшүнбөстүктөр жана келишпөөчүлүктөр болгон учурда бул түшүнбөстүктөрдү чечүү үчүн колунан келген бардык аракетти жумшоого бел байлаган адам ортомчу деп аталат.

Ортомчулар көбүнчө кризис учурларда маанилүү роль ойношот. Ортомчулар тараптардын арасында элдешүү жарата алса, талаш-тартыштын алдын ала билген пайдалуу кызмат көрсөтүшкөн болот. Мисалы, 1967-жылы ноябрь айында Түркия менен Грециянын ортосунда Кипр аралын алуу боюнча кооптуу чыр-чатак жаралган учурда АКШ өкмөт башчысы тарабынан жөнөтүлгөн ортомчу С.Ванс эки мамлекеттин борборлоруна ары- бери тынымсыз каттап жатып бийлик башчыларынын элдешүүсүнө себепкер болгон эле. Ортомчу эки өлкөнүн ортосундагы маселени чечүү үчүн атайын ошол эки өлкө тарабынан дайындалат.

Мындан башка, ортомчулар башка өлкө тарабынан сунушталышы мүмкүн же болбосо БУУ сыяктуу эл аралык уюмдар тарабынан дайындалган бирөө болушу мүмкүн. Ушул жолдор менен дайындалган адамдын кылган кызматын дипломатияда жана мамлекеттик укукта «ортомчулук» деп аташат жана түшүнбөстүктөрдүн тынчтык жолу менен чечилишинде бул ыкманын маанилүү орду бар. Жыйынтыктап айтканда, 1973-жылы Жакынкы Чыгыштагы Алтынчы октябрь урушунан кийин ок атууну токтотуу боюнча жасалган келишимдин жыйынтыгында, бул уруштагы курч маселелердин азаюусунда жана өзгөчө Суэц каналындагы аймак менен Синай жарым аралындагы курч абалдын тартипке келтирилишинде АКШ тышкы иштер министри Х.Киссинджер ортомчу катары өзгөчө кызмат көрсөткөн.

Ок атууну токтотуу жолу аркылуу түзүлгөн келишим - Согуштарда жана эл аралык кагылышууларда белгилүү мөөнөткө түзүлгөн аскердик мүнөздөгү келишимдер. Бул келишимдердин иш жүзүнө ашуусу эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу түзүлгөн башкаруу уюму тарабынан, кээде эл аралык уюмдардын байкоочу тобу тарабынан көзөмөлдөнөт. Ок атууну токтотуу жолу аркылуу түзүлгөн келишимде чек ара белгиленет жана бул чек боюнча аскердик иш-чаралар жүргүзүлөт, чектен ашууга тыюу салынат.

Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосунда жана Индия менен Пакистандын ортосунда мындай чек көп жылдардан бери белгилүү. Ок атууну токтотуу жолу аркылуу түзүлгөн келишимди ок атууну убактылуу токтотуу менен алмаштырбоо керек. Анткени ок атууну убактылуу токтотуу узак мөөнөттүү жана айрыкча эки тараптуу жарашуунун алдындагы мөөнөт болуп эсептелет. Ал эми ок атууну токтотуу болсо кыска мөөнөттүү болуп, анчейин ишенимдүү эмес. Себеби бул келишим ар убакта бузулушу мүмкүн. Кээде белгиленген убакыт бүткөндөн кийин кайра согуш башталышы мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9