Орто-Кууганды суусу, Жумгал району

Орто-Кууганды суусуЖумгал районундагы суу. Жумгал тоосунун Муз-Төр ашуусунан башталат. Жогорку бөлүгү Үч-Төр аталып чыгышты, Көлмө суусунун чатынан Орто-Кууганды аталып, аскалуу кууш капчыгай аркылуу агып, Жумгал ойдуңуна чыкканда сугат каналдарына бөлүнүп кетет. Ири куймалары: Кош-Булак, Түз-Ашуу, Арчалы-Төр. Жылдык Орточо чыгымы 3,7 м3/сек. Эң көп чыгымы июнь – июлда, азы февралда байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Алабында 2592 м бийиктикте Чоң-Таш көлү жайгашкан. Негизинен кар жана булак сууларынан куралат. Боюнда Кайырма кыштагы жайгашкан.

Орто-Кууганды суусу

Колдонулган адабияттар түзөтүү