Орто-Сырт өрөөнү - Ички Теңир-Тоонун түштүк-батышында. Туура-Суу, Калкагар жана Миң-Булак сууларынын алабын ээлейт. Түштүк-батышынан Арпанын Ала-Тоосу (Жаман-Тоо), түштүк-чыгыш жана чыгышынан Калкагар, Ойнок-Жар, Ак-Сарай, түндүгүнөн Байбиче, батышынан Төө-Куйрук тоолору менен чектешет. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 2600–3300 м. Узундугу 50 км, туурасы (эң жазы жеринде) 10–12 км.

Рельефи жапыз тоолуу. Орто-Сырт ойдуңун курчаган тоолор анын таманынан 500– 800 м, айрым жерлеринде 1000–1500 мге чейин көтөрүңкү. Таманы негизинен палеоген менен неогендин кызгылт тектерине толгон.

Суу бойлорундагы кашаттар төртүнчүлүк мезгилдин шилендилеринен түзүлгөн. Агын суулары (Миң-Булак ж. б.) булактардан, кар сууларынан куралат. Ал суулар төртүнчүлүк мезгилде жердин жаракасы боюнча көтөрүлө баштап, Байбиче тоосунун бир нече жеринен терең кууш капчыгайларды пайда кылып, Ортонку Нарын ойдуңуна чыккан. Тоонун түштүк капталы тик, түндүгү жазы. Байыркы түздүктөр төмөн ийилип, палеоген-неоген тектеринин астына өтөт. Климаты континенттик, январдын орточо температурасы –15…–20°С, июлдуку 10–12°С.

Жылдык жаан-чачыны 300–400 мм. Кышкысын кар аз түшөт. Өрөөндүн таманында субальп тоо сулусу, бетегешыбактуу талаа ландшафты басымдуу. Тоо капталдарында 2800–3300 м бийиктикте тоо сулусу, бетеге-түркүн чөптүү шалбаалуу талаа ландшафты, тескей беттеринде шимүүр, өлөң чөп, бетеге, тоо сулусу, көк шимүүр кезигүүчү төө куйрук аралаш субальп шалбаасы кеңири таралган. 3300–3500 м бийиктикте өлөң чөптүү доңуз сырты, тоо сулусу, бетеге аралаш альп шалбаасы жайгашкан. 3500–3600 мден жогору шагылдуу беттер, аскалуу тоо кыркалары, байыркы мореналар, корум таштар. Өрөөндү Ак-Талаа, Нарын райондору кышкы жана жайкы жайыт катары пайдаланат.

Жаныбарлары: суур, коён, кашкулак, кийик, түлкү, карышкыр, илбирс, улар, кекилик, таз жору, кузгун, чеке таан ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7