Орто Амур ойдуңуАмур-Сунгари түздүгү Россиянын Хабаров крайынын түштүгүндө, Кытайдын тун.чыгышында.

Кытай жак бөлүгү Саньцзян түздүгү деп аталат. Уз. 670 км, туурасы 100—200 км. Чыгышынан Сихотэ-Алинь, түн.-батышынан Хинган-Бурея, түштүгүнөн Чыгыш Манжурия кырка тоолору менен чектешет. Жер бети тегиз, саздак. Амур д-нын куймаларынын кеңири өрөөндөрү менен тилмеленген. Айрым жеринде аралча токол тоолор (Хехцир, бийикт. 949 мтв чейин ж. б.) көтөрүлүп жатат.

Климаты муссондук, жайы жаан-чачындуу, жылуу, кышы катаал. Жазы жана ийне жалбырдртуу токой, шалбаа каптап жатат. Ойдуңдун борб. бөлүгүндө Хабаровскта. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.