Осетин тили
Осетин тили – осетиндердин тили; Түндүк жана Түштүк Осетия республикаларында жашаган элдер сүйлөйт. Осетин тили Кабарда-Балкария республикасына, Ставрополь крайына тараган.
Расмий аталышы: |
Ирон ӕвзаг |
---|---|
Өлкөлөр: | |
Расмий статусу: | |
Колдонгондордун жалпы саны: |
1 000 000 |
Классификациясы | |
| |
Жазылышы: |
Кириллица: Осетин жазуусу |
Тилдер коду | |
ISO 639-1: |
os |
ISO 639-2: |
oss |
ISO 639-3: |
oss |
Инди-европа тил уясына кирет. Ирон жана дигорон деген эки чоң диалекти бар. Ирон диалекти адабий тилинин негизин түзөт. Фонол. системасы 7 үндүү, 28 үнсүз тыбыштан турат. Грамматикалык түзүлүшү боюнча мүчөлөмө жана флексиялама тилимий Туңгуч жазмасы – грек тамгалуу Заленчук жазуусу (941-ж.). Кийинки жазмасы 1844-ж. кириллицанын негизинде түзүлгөн. 1923–38-ж. латын графикасын пайдаланышкан, 1938-жылдан Түндүк Осетияда орус графикасы, Түштүк Осетияда грузин графикасы колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7