Осмонбеков Арстанаалы (1874, Наманган уезди, Кыркуул болушу, Тегене кыштагы – 1945, Аксы району, Авлетим кыштагы) – Түркстанда жана Кыргызстанда Совет бийлигин чыңдоого жигердүү катышкандардан.

Наманган орус-жергиликтүү мектебинде окуган. 1-дүйнөлүк согушта Белоруссияда оорук жумуштарында иштеп жүрүп, согушка каршы күрөшкө катышкан.

1919-жылы намангандык кыргыздардын ыктыярдуу атчандар кошуунун түзгөн.
1920-жылы Кыргыз атчандар дивизионуна командир болуп, басмачыларга каршы күрөшкөн. Калыбай, Аман палван жана башкалар корбашыларды талкалоого катышып, Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Жалал-Абад жана Талас аймактарында партиялык, советтик кызматтарда, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Аксы районунда колхоз башкармасынын төрагасы болуп иштеген.
Кыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съездинин делегаты.

Колдонулган адабияттар түзөтүү