Отого, отогот (моңг. отго — канат) — кытай-калмак башчыларынын баш кийимине тагылуучу мансаптык белги, титулдук наам. Мансаптык белгилер негизинен ар түрдүү асыл таштардан жана куштун канат-куйругунан даражасына ылайык тагылган. Алгачкы уруулук түзүлүш менен феодалдык мамилелердин ар бир баскычтарында ар кандай элдин башкаруу чөйрөлөрүнүн титулдук наамдары болгондугу тарыхта белгилүү. Титулдук наам, ошол элдин эпикалык чыгармаларынын (айрыкча баатырдык эпосторунда) башкы каармандарына титулдук эпитет катарында колдонула тургандыгын конкреттүү фактылар көрсөтүп турат. Мисалы, О. «Манас» эпосунун негизги варианттарында айтылып, жоокерчилик доорлордун шарттарындагы мансаптык даражаны туюндурган терминдердин бири. «Отого» деген термин түрк-моңгол элдеринде байыркы мезгилдерде эле болсо керек. Чагатай тилинде «Одога» деген сөз — султандар баш кийимине же селдеге тагынган куштун бир тутам канаты. Атайы адабияттарда «Отогат» — кытай төбөлдөрүнүн баш кийимдерине сайылган тоостун канаты деген түшүндүрмө берилген. Ал эми моңголдордун 17-кылымдагы «Алтын топчу» аттуу эстелигинде «Отогат» — 14—15-кылымда башкаруучулар баш кийиминин арт жагына тагып жүрүүчү куштун узун канаты» деп көрсөтүлгөн. Албетте, ар элде өздөрүнө ыйык деп эсептелген куштардын канат-куйругун тагынуу мүнөздүү болгондугу байкалат. «Манас» эпосунун тексттеринде бул мансаптык белги калмак-кытай башкаруучулары менен баатырларына карата гана колдонулат. Мисалы, Саякбай Каралаевдин вариантында: «Кытайча кийип таажыны Ал таажынын үстүндө Шуру-отогот — маржан таш» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 553-инв., 371-б.) же «Шуру таштын башына Тоту куштун куйругун Токсон түрдөп сайынган» (Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 1090-инв., 323-б.). Сагымбай Орозбаковдун вариантында:

Ак отогот, көк диңсе

Дал ортодо жаркылдап,

Тоту куштун куйругу

Аркасын жаап жалпылдап (Сагымбай Орозбаков, 4. 298—

299).

Кытай баатыры Коңурбайдын сырткы көрүнүшү ушундай сүрөттөлөт. Айрым учурларда «таш сайынган кытай» же «таш сайынган манжу» деп да айтылат. Жогорудагы эпикалык тексттердин мааниси боюнча Цин сулалесинин мезгилиндеги мансаптуу адамдар даражасына карата баш кийимдеринин төбөсүнө ар түрдүү түстөгү асыл таштардан (рубин, маржан, инжу, лаал жана башкалар) чоң мончокторду (шарикче) тагынып, тоос же тоту куштун кооз канат-куйругунан сайынып жүрүүчү салты эреже болгондугу реалдуу этнографиялык факт болуп эсептелет. Манжу-кытайлар баш кийимге тагынып жүргөн мансаптык белгилерди жалпысынан «диңсе» деп аташат. Ошондуктан «Манас» эпосунун тексттеринде бул термин «Отого» деген термин менен синонимдик мааниде да кош сөз формасында («ак отого, көк диңсе, айбаты бар көрүнсө, көк отого, ак диңсе, көркү кыйын көрүнсө») деп айтылат. Валиханов жазып алган эпизод боюнча Бокмурун кыргыз элинин эзелден душманы Жолойдун жерине көчүп барып, аны менен дос болуп, калмактан «көз отого чен алып, көрүнөө төрө боломун» дейт. Эпосто «көз отогону» калмактар менен кытайлардын бийлөөчүлөрү жана баатырлары тагынган. Эзелтен салттык душмандар Жолой, Коңурбай, Алооке жана башкалар Цин өкмөтүнүн мезгилиндеги титулдук наамдарды (калдай, жаң-жуң жана башкалар) алышып, мансаптык белгилерин баш кийимине тагынып жүргөн башкаруучулар экенин белгилөө менен бирге алар эпикалык душман катарында согуштук окуяларга катышкан каармандар болуп эсептелгендигин да айтууга болот.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4