Отун чыпкасы— ичинен куйма кыймылдаткычтын отун тазалоочу түзүлүшү.

Отун чыпкасы карбюратордуу ичи­нен күймө кыймылдаткычтын жиклёрун, дизелдин отун насосу менен форсункасын булгоочу мех. аралашмаларды бөлүү милдетин аткарат. Адатта отун магнетралында бирине бири удаалаш орнотулган чала тазалагыч жанa таза тазалагыч Отун чыпкасы кол­донулат. Кээде Отун чыпкасы оор аралашма суюк кошундулардан (суу, коюу май) жанa ири катуу бөлүкчөлөрдөн отунду тундуруп бөлгүч менен конструкциялык жактан бириктирилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.