Отун элементери — бетинде электр хим. реакция жүрүүчү инерттүү электродду пайдаланып, отундун кычкылдануу реакциясын түздөн түз электр энергнясына айландыруучу электр-хим. генератор.

Отун элементери электр өткөргүч материалдардан жасалган майда тешиктүү эки түтүк жайгашкан электролити бар идиш. Бир түтүктөн отун­ду (суутек. гидразин, углеводород, спирт ж. б.), экинчисинен кычкылдандыргычты (кычкылтек, аба, гало­ген) откорот. Бул түтүктөр электрод болуп кызмат кылат жанa сырткы электр тизмеги менен туташтырылат. Кубаттуулугу бир нече катка жетет. Отун элементери өз алдынча иштөөчү энергетикалык түзүлүштөрдө ток булагы ка­тары колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.