Ош коогалаңы (1990) - республикада топтолгон социалдык маселелердин өз убагында чечилбей келишинен улам чыккан, кан төгүлүүгө чейин жеткен улуттар аралык кагылышуу.
Ош коогалаңы (1990) |
Дата |
май-июнь 1990
|
---|
Орун |
Кыргызстан / Өзбекстан
|
---|
Себеп |
Ош шаарында өзбек элин тыюу.
|
---|
Өзгөрүүлөр |
Армия жана ИИМ аскерлери менен кан төгүлүүнү токтотуу.
|
---|
Каршы тараптар |
---|
|
Колбашчылар |
---|
|
Тарап күчтөрү |
---|
|
Жоготуулар |
---|
93-1.200
|
Белгисиз
|
2320-10.000
|
|
жалпы жоготуулар |
---|
|
1990-жылдын, июндун алгачкы күндөрү тымызын Ош окуясы
уюштурулуп, кыргыз жана өзбек калктарынын кагылышуусу Ош шаары, Өзгөн шаарларында, алардын жака-белинде ж.б.
жерлерде болуп өттү. Апрель–май айларында Ош шаарында жашаган кыргыз жаштары үй салуу үчүн жер сурап
бийликтегилерге кайрылышат. Бирок, облустук жетекчилер аны оң чечип бере алган эмес. Качан гана
жаштардын талаптары күчөй баштаганда, аларга Ош ш-ндагы өзбек диаспорасы жашаган аймактан жер
беришет. Үйсүз кыргыз жаштарынын Оштун тегерегинен жер алып, үй куруу аракеттери айрым өзбек
улутундагы автономия суроого ниеттенген жикчи экстремисттер тарабынан каршы кабыл алынып, чакан
топтордун өз ара чарпышуусу улуттар аралык араздашууга чейин көтөрүлүп чыкты. Натыйжада, эки элдин
ортосунда кандуу кагылышуу чыгып, «элчиликке» Москва кийлигишип, атайын даярдыктан өткөн аскердик
тажрыйбага ээ аскерлер киргизилген. Июндун башында Түштүк Кыргызстандын Ош, Өзгөн сыяктуу айрым
аймактарында, 7-июнда Фрунзеде коменданттык саат киргизилди. Элдик акыл-эс бат эле бул чыр-чатак
чыгарууга багытталган окуяларга чек коюуга жетишти. Кыргыз-өзбек тарыхый боордоштугу 200дөн ашуун
кишинин өмүрүн алган бул сыноого туруштук бере алды. Эки эл ынтымакка келди. Кыргызстандагы
демократиялык кыймылды муунтуу үчүн Ош окуясын пайдалануу аракеттери майнапсыз аяктаган.[1]