Павлов (жашырын аты — П. Досев) Тодор Димитров (14. 2. 1890. Македония — 8. 5. 1977, София) — болгар марксчыл философу, эстетик, адабият сынчысы, коомдук ишмер; акад. (1945).

  • Болгария ИАнын президен­та (1947—62), ардактуу президенти (1962-жылдан), БЭРдин Баатыры жана эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры. 1919- жылдан Компартиянын мүчөсү. 1966- жылдан БКП БКнын Саясий бюросунун мүчөсү.
  • София университетинин философиялык факультетин бүтүргөн.
  • 1922-ж. «Младеж» («Молодёжь») газетасынын редакто­ру.
  • 1924-жылдан БКП БКнын мүчөсү. 192529-ж. куугунтукталган.
  • 193236-ж. Москва тарых, философия адабият институтунда декан, Кызыл профессура институтунда проф.
  • 1936-ж. Болгарияга кетип, фашизмге каршы күрөшкөн. 4941—44-ж. концлагерде болгон.
  • 1946- жылдан София университетинин проф., Бол­гария ИАнын Филос. институтунун ди­ректору (1948—52 жанa 1960-жылдан).
  • Диалек. жанa тарыхый материализм, эстетика, тил ишмери, болгар элинин тарыхы жана филос. ойлору боюнча иштеген.
  • Лениндпн филос. мурастарын иштеп чыгууга катышкан.
  • Павловдун бир топ эмгеги тарых методологиясына арналган. Павлов искусстводогу бурж. концепцияларга каршы туруп, Болгарияда марксчыл адабиятын жанa сындын калыптанышына чоң салым кошкой.
  • Павлов бурж. философия, идеология, по­зитивизм, иррационализмге каршы активдүү күрөшкөн.
  • Павлов СССР ИАнын чет элдик мүчөсү (1947). Эки Ленин ордени, 5 Георгий Димитров ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.