Палеоген мезгили
Палеоген мезгили, палеоген (палео... жана ...ген) - Жердин геологиялык өсүп-өнүгүү тарыхындагы кайнозой заманынын баштапкы учуру; кайнозой тобунун неогенден мурда пайда болгон байыркы тоо тек катмарлары. Радиометриялык ыкманын негизинде 65 млн жыл мурда башталып, 42 млн жылча созулганы аныкталган. 1866-ж. немец геологу К. Науман өз алдынча геологиялык системага бөлүп «Палеоген мезгили» деп атоону сунуштаган. 1881-ж. 2-эл аралык геологиялык конгрессте Палеоген мезгили үчүнчүлүк мезгил деп бекитилген. Палеоген мезгилиде пайда болгон тоо тек катмарлары жалпысынан палеоцен (2 бөлүмчөсү менен), эоцен (3), олигоцен (2) деген үч бөлүмгө ажыратылып, ярус жана зоналарга бөлүнөт. Палеоген мезгилинде тектоникалык ири кыймылдар жүрүп, альп бүктөлүү структуралары түзүлө баштаган. Мындай бүктөлүүлөрдөн Жер бетинин айрым бөлүктөрү көтөрүлүп, азыркы Пиреней, Альп, Анд, Карпат, Крым, Кавказ, Копетдаг, Кордильера, Памир, Атлас, Гималай тоо түзүлүштөрүнүн негизги тоо кыркалары көтөрүлө баштаган. Эоцендин аягында максималдуу трангрессия процесси айрыкча Түндүк жарым шардын көптөгөн жеринде ургаалдуу жүргөн. Олигоцендин башталышында тектон. кыймылдар жүрүп, деңиздер тартылып, геосинклиналь бассейндеринде флиш жана деңиз молассалары пайда болгон. Жер Ортолук деңиздин алабында Палеоген мезгилинде мүнөздүү нуммулит жана лепидоциклин акиташтары топтолгон. Платформаларда карбонат ылайлары, глауконит жана кварц кумдары, отюка, трепел, спонголит жана кызыл түстүү чополор катмарланган. Кен байлыктардан негизинен күрөң көмүр, нефть, газ, фосфорит, боксит, калий тузу, диатомит, оолиттүү темир, марганец кенташтары пайда болгон. Чөкмө тек катмарларын коррелациялоодо дениз организмдеринин калдыктарынын (фораминифер, наннопланктон, радиоларин, диатомит) мааниси зор. Палеоген мезгилиндеги жаныбарлар бор мезгилине караганда кескин өзгөрүүлөргө учураган. Мезгилдин башталышында сойлоочулардын көпчүлүгү (динозаврлар, учуучу кескелдириктер жана дениз кескелдириктери – ихтиозаврлар, плиозаврлар, моллюскалардан – аммониттер менен белемниттер ж. б.) кырылып, амфибиялардын азыркы доорго мүнөздүү топтору жашаган. Палеоген мезгилинин башында сүт эмүүчүлөр кеңири таралып, палеоценде алардын жөнөкөй формалары, эоценде курт-кумурска жечүлөр, жырткычтар, туяктуулар, кит сымалдар, кемирүүчүлөр, приматтар ж. б. пайда болгон. Сойлоочулардын көбү кырылып, амфибиялар, сөөктүү балыктар жашаган. Өсүмдүктөрдөн жыланач жана жабык уруктуулар (папоротниктер, ийне жалбырактуулар, балырлар, плаундар ж. б.) басымдуулук кылган. Өсүмдүктөрдүн азыркы түрлөрү эоцендин орто ченинде пайда болуп, олигоценде кенири өөрчүй баштаган. Палеоген мезгилинин климатынын өзгөрүлүшү (узакка созулган жылуу жана суук мезгилдердин алмашып турушу) палеогеограф. изилдөөлөрдүн натыйжасында далилденген. Түштүк Кыргызстандын аймагында Палеоген мезгилинин катмарлары Фергана өрөөнүндө жана аны курчап жаткан тоолор менен адырларда кенири тараган. Too тектер тайыз деңиз чөкмөлөрүнөн (гипс, чопо, алевролит, кумдук, аки таш, мергель ж. б.) турат да, деңиз фауналарынын калдыктарына өтө бай. Түндүк Кыргызстанда Палеоген мезгили континенттик шарттар менен мүнөздөлөт. Палеоген мезгилинин тоо тек катмарларында күрөн көмүр, нефть менен газ, битумдуу сланец, янтарь, фосфорит, марганец, темир, боксит, диатомит, калий тузу ж. б. кендер бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9