Панамериканизм — тарыхый про­цессти бурмалап, АКШнын жана Аме­рика континентиндеги башка өлкөлөрдүн тарыхый, экономикалык жана маданий жалпылыгы бар имиш деген чындыкка коошпогон саясий доктрина.

  • Панамериканизмди АКШ империализми Латын Америкасындагы өлкөлөрдө өзүнүн саясий-экон., кээде түздөн түз согуштук үстөмдугүн «негиздөө» үчүн колдонууда.
  • Панамериканизмди 19-кылымда пайда болуп, 19-кылымдын аягынан аны АКШ Латын Америкасындагы экспансиясып ишке ашыруу үчүн пайдаланган. Империа­лизм доорунда АКШ амер. мамлекеттердин «мүдөөлөрү бирдей» дегенге жамынып, Куба, Мексика ж. б. өлкөлөргө нечен жолу интервенция жасаган.
  • АКШнын Латын Америкасында­гы экспансиясы экинчи дуйнөлүк согуш мезгилинде (1939—45) жана андан ки­йин айрыкча күчөгөн. Латын Америкасында өзүнүн экон. жана согуштук саясий позициясын чыңдоого аракеттенген АКШ Амер. мамлекеттер уюмун түзүүгө (1948) активдуу катышкан.
  • Бирок Латын Америкасында антиимпер. кыймылдын күчөшү жана эл арасында ынтымак, кызматташтыктын өнүгүшү Панамериканизмдидин негизин бошоңдотууда.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.