Паркана (Дабан) мамлекети - Борбордук Азиянын Фергана аймагындагы байыркы доордогу (б.з.ч. 2-кылымдан б.з. 5-кылымга чейин өкүм сүргөн) мамлекет. Азыркы Ош шаары бир кезде байыркы Паркана мамлекетиндеги ыйык тоо орун алган калктуу жай, кыска убакытка - борбору да болгон.

Кыскача таржымакалы түзөтүү

Тоо этектериндеги зонасы жана чыгыш бөлүгү кийинчерээк Кыргызстандын курамына кирген Фергана өрөөнүндө б.з.ч. I миң жылдыкта эле отурукташкан дыйканчылык маданияты өнүккөн мамлекет пайда болгон.

Бул мамлекет миндеген жылдарды камтыган тарыхый өсүшкө ээ. Бирок, ал тууралуу жазуу жүзүндөгү маалыматтар б.з.ч. II-I кк. тартып гана кездешет. Тарых булактарында байыркы Фергана мамлекети Дабан (Даван) деп аталган. "Паркана" ("Фергана"), "Дабан" аталыштары байыркы түрк тилинде "перидей сулуу жер", "ажайып кооз жер" дегенди түшүндүрөт. Перстер бул мамлекетти "Сог", ал эми кытайлар "Полоно" деп аташкан.

Б.з.ч. II к. Фергана чарбачылыгы өнүккөн күчтүү мамлекет болгон.

Анын экономикасынын негизин сугат дыйканчылыгы түзгөн. Калк күрүч, буудай, жүзүм, пахта, беде өстүргөн, атагы алыска жеткен аргымактарды багышкан. Бул жерде кичинеси-чоңу болуп 70 шаар бар эле, алар өз-өзүнчө кооз оазистерден орун алышкан.

Борбору болуп Эрши шаары (урандылары Ош областынын Араван районун борбору Араван кыштагына жакын жерде сакталган) эсептелинген.

Шаарды катар-катар курулган чеп айланта курчап турган. Анын борбордук бөлүгүндө калың дубалдар, бийик мунаралар болгон. Дубалдар да мунаралар да, бышпаган кыштан тургузулган.

Ферганалыктардын дээрлик көпчүлүгү анчалык чон эмес айылдарда, бирок өтө бекемделип тургузулган үйлөрдө жашагавын археологиялык казуулар көрсөтүп турат. Фергананын калкы болжол менен 300 миңге жакын адамдан турган.

Сырт келбеттери боюнча алар европеоиддерге окшош эле. Монголоиддер да болгон.

Кытай эмгектеринде "...көздөрү чүңкүл, сакалдары коюу болгон" деп көрсөтүлөт Коомдук мамилелери таптык мүнөздө болгон. Мамлекетти падышалардын династиясы башкарган. Алардын бийлиги мансаптуу адамдардан түзүлгөн аксакалдар кеңеши менен чектелип турган. Аксакалдар кеңеши падышаларды тактан алган жана такка отур-гузган, согуш же тынчтык маселелерин чечкен, элчилик байланыштарды түзгөн же үзгөн.

Эмгектерден көрүнүп тургандай, аксакалдар кеңеши эки жолу ферганалык падышаларды өлүм жазасына буюрган. Аксакалдар кенешинин чечими айрым шаар башкаруучулары үчүн да мыйзамдай милдеттүү болгон. Башкаруучу төбөлдөр айылдык. эркин общиналарды бекем кармашкан. Бул общиналар чынында мамлекеттин таянычы болгон.

Кокус согуш чыгып калса дал ушул общиналардан саны 60 миңден турган элдик кошуун түзүлгөн, алар жаа жана найза менен куралданышкан. Чарба иштеринде болсо кулдардын эмгеги колдонулган, бирок кул ээлөөчүлүк басымдуулук кылган эмес, анткени өндүрүштө айылдык жамаат (община) басымдуулукка ээ эле.

Б.з.ч. II к. аягында Дабан элине күчтүү жана агрессивдүү Хань империясы менен болгон узак күрөштүн оор кесепетин башынан кечирүүгө туура келди. Император У-динин узакка созулган (б.з.ч. 140-87-жж.) падышачылыгынын учурундагы Хань империясы жүргүзүп келген кошуналарын басып алуучулук саясаты тез-тез кайталанып турган. Хуннулардын көчмөн мамлекетин алсыздандырып, империя Чыгыш Түркстандын бир топ жерлерин басып алган. Ал басып алган жерлер аркылуу кадимки кеңири белгилүү соода артериясы – Улуу Жибек жолу өткөн.

Император У-ди б.з.ч. 105-ж. усундар менен шериктештик түзүп, Улуу Жибек жолундагы эң маанилүү пункт катары Дабан мамлекетин каратып алууну чечкен. Бул жакка айтылуу аргы мактарды алуу максатында атайын элчилер жиберилген. Ферганалык аксакалдар кеңеши кытайларга аргымактарды сатуудан биротоло баш тарткан.

Кытай элчиси өйдөсүнүп текеберленгени үчүн чек арада турган Ю шаарында (азыркы Өзгөндөгү Шоро-Башатка жакын жерде) өлтүрүлгөн. Согуштун чыгып кетиши үчүн ушинтип өзүнөн-өзү шылтоо табылат.

Каарданган император Ферганага согуш жарыялаган. Анын 6 миң атчандар жана бяр нече миң кошумча жоокерлерден турган кошууну кол башчы Ли Гуанлинин жетекчилиги менен жолго чыккан.

Б.з.ч. 103-ж. Кытайдын Дуаньхуандагы кошууну батышты карай аттанган. Оор салгылашуудан кийин бул кошуун Ю шаарына кирип, аны каратып алган. Бирок жергиликтүү элдин катуу каршылыгына туруштук бере алышпай, чабуулду андан ары улантып, Фергананын борборуна жылууга мүмкүнчүлүк болбой калат.

Ли Гуанли кайра чегинүүгө мажбур болот. Хань армиясындагы жоготуулар эбегейсиз чоң эле: Аскерлер аттанып чыккан Дуаньхуан шаарына жоого аттанган ар бир он жоокерден араңдан зорго экиден гана жоокер кайтып келген.

Хань империясынын Батыштагы атак-даңкы Ферганадагы жортуулдан кийин биротоло төмөндөп калат. Мына ошондуктан, Даванды өз жайына кой деген кеңешке карабай император багынбас мамлекетти биротоло талкалап, ошону менен кылтыйып сынай карап турган коңшу мамлекеттерге сес көрсөтүп коюуну максат кылат.

Ошентип ал, бүтүндөй империясын түп көтөрүп, Ли Гуанлинин карамагына 100 миңге жакын жоокер топтойт да сансыз колду сан жеткис кербен коштоп, дээрлик 140 миң малга артылган жүк менен жолго чыгарат. Б.з.ч. 101-ж. империянын колу Эрши шаарына жетип, аны курчоого алат. Кырк күн камап жаткандан кийин кытайлар шаарга барчу сууну башка жакка буруп жиберет.

Андан соң шаарды курчап турган коргонду талкалашып, кадыр-барктуу аксакалдар кеңешин бүт бойдон туткундашат. Шаарды коргоп турган Мугуа падышанын колу ички шаарга чегинүүгө аргасыз болот. Ички шаардан кудук казып алып, тамак-аш менен камсыз болгон жоокерлер жоонун мизин кайтарууга чечкиндүү турушат.

Эрши коргонунда болгон жеңишке карабастан, ошол учурдагы кытай армиясынын абалы анча деле жакшы эмес болчу. Фергана менен коңшу турган Каңгүй мамлекети да кытайларга тикеден-тике каршы турушту.

Усундук атчандардын эки миң адамдан турган отряды Ли Гуанлиге жардамга жиберилгени менен согуштук салгылаштарга катышкан эмес. Ал түгүл карсылдашкан кармаштардын жүрүшүн байкоого алышып, ферганалыктар тарабына өтүп кетүүгө даяр турушкан эле.

Душмандын тылында калган Ю шаары да дарбазасын ачып берген жок. Коргонуу бекем болгону менен ферганалык төбөлдөрдүн ичинен чыккынчылар чыгат. Ал башынан эле кытайларга жан тартып келген Моцай төрө эле. Ал бийликке жетүүнү көксөгөн. Ошентип ички саясий тирешүүнүн натыйжасында падыша Мугуа өлтүрүлүп, аксакалдар кеңеши тынчтык сурашат.

Ли Гуанлиге Мугуанын башын тартуу кылып келишимге келүүнү суранышат. Түзүлгөн кырдаалдын жайын түшүнгөн кытай кол башчыи аксакалдар кеңешинин сунуштарына макул болот. Бул сунуштарда көрсөтүлгөн шарт богонча хандыктар ондогон аргымактарды жана үч миндей жылкы алышты. Мугуа өлтүрүлгөндөн кийин бошоп калган падышалык тактыга кытайларга жан тарткан Моцай төрө отурду. Ошентип, Эршини басып ала албай, баскынчылардын аскерлери кайра кайтууга аргасыз болушту. Кытайга мурдагы аскерлердин алтыдан бир бөлүгү гана кайтып келди. Ал эми ферганалыктардан алган үч миң жылкынын миңи гана жетти.

Ли Гуанлинин аскерлери кетишери менен Фергананын мамлекеттик иштерине Хань империясынын саясий кийлигишүүсү биротоло токтолду. Аксакалдар кеңеши падыша Моцайды чыккынчы катары күнөөлөп, өлүм жазасына тартты. Падышалык тактыга болсо Мугуанын бир тууган иниси Чаньфын отургузулду.

Мына ушинтип, Хань империясына каршы болгон төрт жылдык согуштун жыйынтыгында, Орто Азия жана Чыгыш Түркстан элдеринин колдоосу менен байыркы Фергана мамлекети өзүнүн көз каранды эместигин сактап калган.

Байыркы Кытайдын тарыхый хроникасында (Н.Я.Бичуриндин котормосунан) давандыктардын жашоо турмушу жана адеп-ахлагы тууралуу мындайча жазылган:

"Дабан башкаруучусунун Гуйшани шаары Чаньан шаарынан 12250 ли (1 ли ~ 500 м) аралыкта. Калкы 60 миң үй-бүлөдөн, 300 миң адамдан турат, Дабан жергесинин бүткүл аймагында жүзүмдөн шарап ачытышат. Бай адамдар жүзүм шарабынын мол запасын сакташат, ал бир нече жыл бога бузулбай тура берет. Дабандыктар жүзүм шарабын жакшы көрүшөт, алардын аттары болсо мусу чөбүн (бедени) жешет. Дабанда жетимиштен ашуун шаарлар бар. Аргымактары аябагандай көп. Аргымактар тердегенде кызгылт тер чыгат. Ал аргымактар жылкылардын асман тукумунан пайда бопгон деген легенданы айтышат. Давандан ары батыш жакта Аньси (Персия) мамлекети бар, алардын сүйлөгөн сөздөрүндө чоң айырмачылыктар болгону менен тилдери окшош, сүйлөшө келгенде бири-бирин түшүнүшөт. Жашоочулары чүңкүл көздүү, калың сакалдуу, соодага жөндөмдүү келишет, пайда издөө жагынан бири-бири менен эрегишип турушат. Аялзатын сыйлашат, аялы айткан сөздү эркектери эч качан жерге калтырбайт. Ал жерде шайыны, лакты да колдонушканы менен, чоюн буюмдарын куюшканды билишпейт. Жакырланган кытай элчилигинин кызматкерлери сатылып кетип, аларды курал куюуга үйрөтүшкөн..."

V к. Фергана эфталиттердин мамлекетинин курамына кирген, ал эми VI к. орто ченинде аны түрктөр багындырып алышкан.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстанда жашаган байыркы элдер бүткүл дүйнөлүк маанилүү тарыхый процесстерден сыртта калышкан эмес, башка элдер менен өз ара байланышта болушкан, эл аралык саясый, экономикалык, маданий жана социалдык мамилелерде өздөрүнүн татыктуу ордун ээлеп турушкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: (Эзелки замандан тартып б.з. VII к. башына чейин): Башталгыч курс: Орто мектептин 6-классы үчүн окуу китеби / Жооптуу редакторлору К.Үсөнбаев, Ө.Караев. — Бишкек: «Кыргызстан» басма үйү, 1997. — 156 б.
  • Асанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. - Б., 2010