Пекинден келген жансакчы

«Пекинден келген жансакчы» (кыт. 中南海保鑣, англ. The Bodyguard from Beijing, сөзмө-сөз. Чжуннаньхай жансакчысы) — Гонконг көркөм тасмасы. Башкы каарманда : Жет Ли

Пекинден келген жансакчы
кыт. улут. 中南海保鑣
йель: Jung1 Naam4 Hoi2 Bou2 Biu1
англ. The Bodyguard from Beijing
Жанры

боевик
криминалдык тасма
триллер

Режиссёру

Кори Юнь

Продюсери

Жет Ли

Сценарийдин
автору

Гордон Чань
Жон Чань

Башкы ролдордо

Жет Ли

Оператору

Том Лау

Композитору

Уильям Ву

Кинокомпания

Eastern Production Ltd.

Узактыгы

92 мүнөт

Кирешеси

11 193 177 HK$[1]

Өлкө

 Гонконг

Тили

Кантон тили

Жылы

1994

IMDb

ID 0111835

Мазмуну түзөтүү

Тасма “Күбөлөр көпкө жашабайт” деп башталат. Гонконг шаарынын эң күчтүү криминал тобунун кезектеги кылмышына Мишель аттуу жаш кыз күбө болуп калат. Ушул окуядан кийин кыздын жашоосу коркунучка толуп, кыз саналуу күнү гана калганын сезип жашап калат. Бирок, Мишель мындан коркуп калбастан, сотко мафиянын башчысы чоң кылмыш жасагандыгы тууралуу көрсөт­мө берүүгө белсенет. Ошол маалда Мишелдин бизнесмен досу анын жашоосу коркунучка кабылганын көрөт. Анан досуна жардам берүү үчүн жашыруун түрдө Пекинден жансакчы жалдап келип берет. Мурунку жансакчыларынын колунан эчтеке келбегенин көрүп, Мишель бул жансакчысына да ишенбегендей мамиле жасап, алтургай, анын кээ бир жүрүш-турушуна кыжыры келип, анын кетиши үчүн болгон аракетин жум­шайт. Бирок, күн­дөр­дүн биринде дү­көндө соода кылып жүргөн Мишелге кол салышат. Ал жерде узакка созулган атышуудан кийин Чанг кызды куткарып кетет. Жансакчысы болбосо өзүн эчак эле өлтүрүп кетээрине көзү жеткен Мишелдин ага болгон мамилеси түп тамырынан өзгө­рөт. Ушул окуядан кийин жансакчысына абдан ишенип калган Мишель көп өтпөй аны сүйүп калганын билип, ага сезимин билдирет. Чанг да кызды сүйөт. Бирок, ал кызматы менен жеке жашоосун аралаштыргысы келбейт. Аягында Мишелдин бардык душмандарын жок кыл­ган Чанг кызды сүйгөнүнө карабай өз жерине, Кытайга кетет.

Каармандарда түзөтүү

  • Жет ЛиАллан Хёй Ченъён
  • Кристи Чун — Мишель Ён Синьи
  • Кент Чен — Чарли Лён Кампо
  • Нгай Син — киллер Вон
  • Жой Лён — А Кён
  • Лоуренс Нг — Жеймс Сун Сайчхён
  • Уильям Чю — Билли

Тасманын тартышы түзөтүү

Тасма Жапония жана Гонконг тарабынан биргелешип тартылган жогорку деңгээлдеги тасма болуп саналат. Көрөр­мандар ойлогондой тасмадагы татаал трюктар компьютерден жасалбастан, аларды Жет Ли жана башка актёр, актрисалар өздөрү аткарышат. Жансакчынын ролу абдан татаал болгондуктан, башында тасманын режиссёрлору белгисиз эле бир актёрго баш каармандыкты берип, анын жасай турган трюктарынын баарын компьютерден жасамай болушат. Бирок, буга Жапониядан келген өкүл­дөр макул болушпайт. Алар эки өлкө биригип компьютер киносун тартканынын өзү уят нерсе деп табышат. Анан философиясы өтө кенен бол­гон Кытайдан уруш өнө­рүн мыкты билген актёр чакырууну сунушташат. Тасма тартуучуларынын баарынын оюна дароо эле Жеки Чан келет. Бирок, ал жашы жагынан туура келбегендиктен, анын ордуна у-шу боюнча Кытайдын 6 жолку чемпиону Жет Лини сунушташат. Тасмага жаңыдан эле тартылып баштаган Жет Ли бул ролду жогорку деңгээлде аткаргандыктан, тасмага тартылгандан бир топ убакыттан кийин Жет Лиге кинодогу кээ бир трюктарды кайра аткар дешкенде ал аткара албай койгон. Муну Жет Ли өзү ошол мезгилде үзгүл­түксүз у-шу менен машыккандыгы менен түшүндү­рөт. Тасма көп өт­пөй эле Жет Лини “Өлтүрүү­чү курал 4 ” Тасмасынын башкы ролуна тарты­луу­га чакырышкан.

Шилтемелер түзөтүү

  1. Кассовые сборы в Гонконге за 1994 год (кыт.) на сайте boxofficecn.com.