Жеки Чан
Макала жакшы макалалардын катарына талапкер. Балким, макаланы дагы оңдоо талап кылынат. Макалага бул жактан добуш берип колдоп, же сын пикириңди жазсаңыз болот: Википедия:Жакшы макалага талапкерлер. |
Жеки Чан (англ. Jackie Chan; кыт. 成龍, Чең Луң; кыт. 陳港生, Чен Гаңшең («Гоңконгдо туулган Чен»)); кээде Чан Коңсаң жана Фан Шилуң деп айтылат. 7-апрель 1954 жылы Гонконг шаарында туулган) — гонконг жана америка актёру, каскадёр, кинорежиссёр, продюсер, сценарист, трюктарды жана мушташуу оюдарын коюуучу, ырчы, БУУнун өз эркинче элчиси. Тасмаларда актер акробатикалык күрөш ыкмалары, күлкүлүү кыймыл-аракети, жана ар түрдүү куралдарды мушташта колдоно билгени жана өзү аткарган каскадерлук трюктары менен белгилүү. Ал кунг-фу жана хапкидо менен машыккан. Актер 1960-жылдардан тарта тасмаларда катышып, жүз элүүдөн ашуун тасмада тартылган.
Төрөлгөндөгү ысымы: |
陳港生 (Чан Коң-Саң), |
---|---|
Туулган датасы: | |
Туулган жери: | |
Жарандыгы: | |
Кесиби: | |
Карьерасы: |
1962 — а. у. |
Сыйлыктары: |
«Оскар» (2016) |
IMDb: | |
jackiechan.com |
Актер “Гонконг жылдыздар аллеясынын” жана "Голливуд атак-даңк аллеясынын" жылдызы болгон. Анын аты ар кандай ырларда, карикатураларда, мультфильмдерде жана видео оюндарда колдонулуп келет. Жеки Чан кесипкөй ырчы жана кытай тилинин кантон жана мандарин диалектилеринде ырдай алат, көптөгөн ыр альбомдорун жарыкка чыгарган. Роль жараткан тасмалардын көбүндө тематикалык ырларды ырдаган. Ал ошондой эле кайрымдуулук иштери аркылуу дагы белгилүү. 2015-жылы Forbes журналынын эсептөөсү боюнча Жеки Чандын кирешеси $350 миллионго (АКШ доллары) бааланган.
Британ империясынын орденинин кавалери.
Өмүр баяны
түзөтүүЖеки кытайдын кедей үй-бүлөсүндө туулган. Анын ата-энеси Чарльз Чан (1914—2008) жана Лили Чан (1916—2002) граждандык согуш учурунда Гонконго качышып, ал эми 1960 жылы Австралияга көчүп барышкан. Көчкөнгө чейин алар Гонконгдо Франциянын элчилигинде үй жыйноочу жана короо кароочу болуп иштешкен.
Алгач, ал «Nah-Hwa Primary School» деп аталган баштапкы мектепте окуп, бирок, 6 жашында Гонконгдо пекин операсынын мектебине берилет. Сценалык даярдыктан тышкары, бул мектеп кичинекей Чанга денесин мыкты башкарууну үйрөтөт. Чан мындан тышкары кунг-фу деп аталган уруш искусствосу менен да алектенген. Актёрдун бул балалык чагын "Боёлгон беттер" (1988) аттуу тасма чагылдырган.
Жеки 8-10 жашында эле "Түбөлүк сүйүү", "Чоң жана кичине Вонг Тин Бар", "Цинь Сянлянь тарыхы" аттуу кинотасмалардын эпизоддорунда роль жарата баштайт. Кийинчерээк, трюктарга аралаша баштаган, тагыраак айтканда "Жин муштуму" (Кулак ярости) жана "Дракондун чыгышы" аттуу Брюс Линин катышуусундагы тасмаларда трюк жараткан көпчүлүктүн ичинде болгон.
1976-жылы Жеки Канберрага ата-энесинин колуна келет. Ал жерден бир азга «Dickson College» де окуп, куруучу болуп да иштеп калат.
Карьерасы
түзөтүүТасмадагы карьерасын каскадёр катары баштаган. Кээ бир учурда аны эпизоддорго жана кичинекей роль жаратууга чакырып турушкан. Кунг-фу, акробатиканы ишеничтүү билип , жакшы пластика жана сценалык өнөрдү мыкты билген Чан 1970 жылдардын аягында чоңураак ролдорду жаратып, кийинчерээк өзү тасма тарта байштайт. Ал комедия менен уруш искусствосун, кадимки көчө согушун аралаштырып, көңүл ачуучу тасмаларды жасап, акырындан жаңы киножанр түптөп баштаган.
Жеки Чанды таанымал кылган алгачкы «Змея в тени орла» аттуу тасма болгон. Тасманын режиссёру Юань Хэпин Жеки Чанга трюктарды өзү ойлоп таап, тасмага коюууга уруксат берет. Бул тасма уруш искусствосу колдонулган комедия жанрында жаралат. Ушул эле жылы Чан «Кызуу чебер» тасмасына тартылат. Ушул тасма Жекинин таанымалдуулугун арттырып, ийгиликтүү карьеранын башталышына түрткү болгон. Тасмада Чан — Вон Фэй Хун деп аталган ичкич, кыйратпаган, өзүнө анча окшошпогон адамдын ролун жаратат. Бул жагынан тасма новатордук болуп чыга келген. Ошондой эле Чан менен карган актёр Юэн Сю Тьендин (Саймон Юэн деген ат менен да белгилүү) комедиялык дуэти да ийгиликтүү болот.
1980 жылдары ал, башкы каарманды Саммо Хунг аттуу актёр ойногон «Бактылуу жылдыздар» тасмасында экинчи пландагы роль жаратып, мындан тышкары бир топ тасмаларда ойнойт.
1983 жылы “«А» Проектиси” (Project «A») тасмасында тартылып жүргөн кезинде официалдуу түрдө өзүнүн каскадёрлук тайпасын түзөт. Кийинки калган тасмаларында “Жеки Чандын каскадёрлук тайпасынын” жардамы менен иштешет.
Чан 1980 жылдары “Чоң уруш” ("Большая драка"), "Замбирек маңызы" жарышы"(“Гонки „Пушечное ядро“”), "Коргоочу" (“Покровитель”) аттуу тасмалары менен америка киноиндустриясына чыгууга бир нече аракет кылат.
1990 жылдары Чанга 2 жолу терс каармандын ролун сунушташкан. Бирок, экөөндө тең Чан, терс каарман ойноочулардын стереотибине кирип калуудан коркуп, андан баш тарткан. Биринчисин Голливуд жылдызы Сильвестр Сталлоне Саймон Феникс деп аталган каракчынын ролун сунуштаса (аны Уэсли Снайпс ойногон), ал эми экинчисинде "Өлтүрүүчү курал 4" (“Смертельное оружие 4”) тасмасында да каракчынын ролун сунушташкан (бул ролду Джет Ли ойногон).
1994 жылы MTV телеканалы Жеки Чанга кинематографиядагы жалпы жетишкендиги үчүн сыйлык тапшырган.
Жеки Чанга чыныгы ийгилик 1995 жылы «Бронкстогу талаш» («Разборка в Бронксе») тасмасынан кийин келген. Ал киреше табуу жагынан Чоу Юнь-Фат жана Мишель Ё атту актёрлордон кем калган эмес. Көрүүчүлөргө Чандын башка иштери да жаккан. Мисалы, «Биринчи сокку», «Громобой », «Шанхай түш маалы» («Шанхайский полдень»). «Жеки Чандын окуялары» мультсериалы да ийгилик жагынан артта калган эмес. Ар бир бул сериал бүткөн соң Жеки күйөрмандардын суроолоруна жооп берип турган.
2011 жылдын сентябрь айында Жеки Чандын жүзүнчү тасмасы — «1911» жарыкка чыгат.
2012 жылдын июль айында San Diego Comic-Con International фестивалында Жеки Чан «Неудержимые 3» тасмасына тартылууга кызыктар экенин билдирди.
Чан ийгиликтүү поп-аткаруучу катары да белгилүү; 1984 жылдан тартып 100дөн ашык ыр жазып 20 альбом чыгарган. Ал кытай, жапон, англис тилдеринде ырдайт. Ошондой эле өзүнүн тасмаларынын башкы ырларын дагы өзү ырдайт, бирок ал тасмалар Европа жана АКШга чыгаарда башка ырларга алмашылат.
Чан өзүнүн кайрымдуулук иши менен да кеңири белгилүү жана ар-түрдүү долбоорлорго катышып турат. “Жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылууга каршы”, 2004 жылы Инди океанында цунамиден, Кытайдагы суу ташкынында жабыр тарткандарга жардам ж. б. акцияларда өз каалоосу мнен элчи катары иш алып барган. 2006 жылдын июнь айында өзүнүн байлыгынын жарымын кайрымдуулук максатта жумшоорун билдирген. 2003 жылы катышуучулары жер жүзүндөгү тынчтык үчүн чыгышкан «United Buddy Bears» аттуу көргөзмөнүн Гонгконгго келишин чакырган. Бул көргөзмөнүн ачылышында Чан ЮНИСЕФ жана башка эки балдар уюмуна 4,14 млн гонконг долларын барабар болгон чек тапшырган.
Гонкогдо “Жылдыздар авенюсунда” (“Авеню Звёзд”), Голливудда “Жылдыздар аллеясында”, ошондой эле Москвада Эски Арбатта Чандын жылдызчалары бар.
Чан жөнүндө жазылган китептер аз эмес. Акыркысы Василий Москаленконун «Хроники Джеки Чана» аттуу фантастикалык китеп. Жазуучу бул китепти жазууга Жекинин өзүнөн уруксат алган.
Чыгармачылык стили
түзөтүүТасмалардагы образы
түзөтүүЧан, Брюс Ли жана ага окшогондордун образын туурабай, тескерисинче аларга карама-каршы образ жаратканын ырастайт. Брюс Ли кайраттуу, чыдамкай баатырдын образын жаратса, ал эми Жеки тескерисинче, жөнөкөй, жалкоорок, үй-бүлө, достору, сүйгөн кызы менен начарыраак мамиледе болгон, бирок боорукер, кубаттуу адамдын образдарын жараткан. Акырында бирок, Жекинин образдары кыйынчылыктарга карабастан жеңишке жетип турат.
2000 жылдары Чан жанр, сюжет, тасмадагы баатырлар жагынан кеңири байкоо жүргүзөт. Интервьюлордун биринде, тасмада ойной ала турган аскер эмес, согуша ала турган актёр экенин далилдегиси келгенин билдирген.
Трюктары
түзөтүүЧан трюктардын көпчүлүгүн өзү кылаарын, ошондой эле, кээде башка актёрлордун трюктарын дагы жасап бергенин айтат. Бирок трюктарды 100 пайыз аткарат деп айтуу туура эмес, анткени “Смокинг” («The Tuxedo») тасмасында, Жекинин ордуна 7 дублёр тартылган.
Трюктарды аткаруу убагында көптөгөн жараатарды алган. Ушу себептен Жеки дүйнө боюнча бардык кепилдик берүүчү компаниялардын кара тизмесине кирет.
(Көбүнчө тасмаларынын акырында анын окшошпой калган трюктары, кээде жараат алган көрүнүштөрү көрсөтүлөт). Эң кайгылуу натыйжа 1986 жылы “Кудайдын жабдыктары” (“Доспехи бога“) тасмасында, бактан кулагандыктан мээсинен оор жараат алып, өмүрүнөн айрылып кала жаздаганда болгон. Азыркы учурда абдан оор трюктарды жасоодон качат.
Көп убакыттын бери Чан бир канча жолу жанбашынын чыгып кетишин, колу-буттарынын манжаларынын сынышын, бет сөөгүнүн, мурдунун, моюн сөөгүнүн, кабырга жана далыларынын сынышын башынан өткөргөн.
Ысымдары
түзөтүүЖеки деген ат менен белгилүү болгонго чейин көптөгөн ысымдарды колдонгон. 5,5 кг болуп төрөлгөндүктөн апасы Пао Пао (“замбиректин маңызы” (“пушечное ядро”) деген ат берген. Кийин опералык мектепте Чанды мугалиминин урматына Юэнь Ло деп аташкан.
1976 жылга чейин Чен Юэн Лун (Yuen-Lung Chan) деген ысым менен белгилүү болот. Андан кийин Австралияда куруучу болуп иштеп жүргөн убакта досторунан Жеки деген атка конгон. Аны ошондой эле Син Лун (Sing Lung; «кичинекей ажыдаар») деп да аташчу.
Yuan Lung Chan, Lung Chen, Long Cheng, Wellson Chin, Baseball Bat (коркунучтуу, учуу менен байланышкан трюктарды өзү аткаргандыгы үчүн) деген ысымдар менен да тасмага тартылган.
Жеке жашоосу
түзөтүүТайвань актрисасы Линь Фэнцзяого үйлөнгөн. Өмүр баянында үйлөнгөн жылы 1983 деп келет, бирок көптөгөн булактар 1 декабрь 1982 жылды айтышат. 1982 жылдын 3 декабрында Чан Цзоминг (Джейси Чан) аттуу баласы төрөлгөн.
Ошондой эле Жекинин Элейн У Цили аттуу никесиз аялынан Этта У Чжолинь (Нг Чхёклам, 1999 жылдын 19 ноябрында төрөлгөн) аттуу кызы бар. Бирок Жеки аны официалдуу түрдө кызы катары тааныбайт.
Жеки буддист болуп саналат.
2009 жылы Чан Камбожда университетинин ардактуу доктору наамын алган.
Гонорарлары
түзөтүү- 1995 жылы — “Бронкстогу талаш” (Разборка в Бронксе) — $4 млн
- 2000 жылы — “Шанхай түш маалы” (Шанхайский полдень) — $5 млн
- 2001 жылы — Ызы чуу маалы 2 — $15 млн + чогултуудан %
- 2007 жылы — Ызы чуу маалы 3 — $15 млн
- 2008 жылы — “Тыюуу салынган падышалык” (Запретное царство) — $5,89 млн + чогултуудан %
- 2010 жылы — “Каратэ-бала” (Каратэ-пацан) — $7,9 млн
Тасмаграфиясы
түзөтүү1962 жылдан тартып Жеки Чан 100 ашык тасмаларда тартылган .
Жыл | Тасманын аталышы | Роль |
---|---|---|
1962 | Чоң жана кичине Вонг Тин Бар | бала |
1963 | Чексиз сүйүү | Бала |
1964 | Цинь Сянляньдын тарыхы | Бала |
1966 | Жети кичинекей арстан | Бала |
1966 | Жети кичинекей арстан 2 | Бала |
1966 | Жүр, менин менен ич | Бала |
1970 | Темирден болгон кыз | Бала |
1971 | Дзендин тийиши | Экинчи даражадагы роль |
1971 | Ырайымсыз кылычтын мизи | Ханзааданын жоокери |
1971 | Квантунгдан кичинекей жолборс | Биринчи роль |
1972 | Кунг-Фу аялы | Студент |
1972 | Ачуунун муштуму | уруш искусство мектебинин окуучусу |
1972 | Кандуу манжалар | Бандит |
1973 | Гонконгдогу талаш | |
1973 | Ажыдаардын чыгышы | Түрмөдө отурган адам |
1973 | Сүйүүнүн чеги | Ксяо Лиу |
1973 | Ойготулган кубаттуулук | |
1973 | Жаза муштуму | Si To / Shi Tzer |
1973 | Шаолиньдеги кыз | Жапон бандити |
1973 | Жаш жолборс | Жеки |
1973 | Чыгыш Геркулеси | бандит |
1974 | Муштумга муштум | сакчы |
1974 | Алтын лотос | Pear Seller Brother Yun |
1974 | Жолборстордун айылы | Бандит |
1974 | Чыгышка каршы Супермен | Экинчи даражадагы роль |
1975 | Үй-бүлөдө баардыгы | Хсяо Танг/айдоочу |
1975 | Брюс Ли жана мен | (камео) |
1975 | Сюрприздердин аягы жок | Секретарь Чан |
1975 | Гималайчы | Tseng's men |
1975 | Жаш ажыдаарлар | каскадёр, трюктарды коюуучу |
1976 | Жаңы ачуулуу муштум | Lung |
1976 | Өлүм бийи | каскадёр |
1976 | Өлүмдүн колу | Тан Фенг |
1976 | Мистер Бу | Каскадёр |
1976 | Метеорлор-өлтүргүчтөр | Ва Ву Бин / жолборс |
1976 | Шаолиндин акыркы сыноосу | Унчукпаган адам |
1977 | Боксчу жана чебер | жардамчы роль |
1977 | Интрига менен өлтүрүү | Као Ли |
1978 | Бүркүттүн көлөкөсүндөгү жылаан | Чиен Фу |
1978 | Турна жана жылан | Хсу Ю Фонг |
1978 | Мыкты жан-сакчылар | Лорд Тинг Чанг |
1978 | Кызуу чебер | Хуан Фэйхун |
1978 | Дүховное Кунг-Фу | Юлань |
1978 | Кара куру бар экөө | (камео) |
1979 | Жүрөктүү гиена | Шинг Лунг |
1979 | Ажыдаардын муштуму | Танг Хауюэн |
1979 | Манжалары сынган чебер | Jackie Chan |
1980 | Жаш чебер | Ажыдаар / Мастер Лун |
1980 | Кунг-Фудан кичине | Чанг чебер |
1980 | Чоң уруш | Джерри Кван |
1981 | "Замбиректин огу" жарышы | Жеки Чан, "Субарунун" айдоочусу |
1980 | Фантастикалык тамшырмасы бар отряд | Сэмми |
1982 | Лорд ажыдаар | Ажыдаар Хоу |
1983 | Жүрөктүү гиена 2 | Шинг Лунг |
1983 | Беш ийгиликтүү жылдыз | CID 07 |
1983 | "А" проектиси | Ма Юилун ажыдаар сержанты |
1984 | Пом Пом | мотоцикл айдаган полиция кызматкери |
1984 | "Замбиректин огу" жарышы 2 | Жеки Чан, "Мицубиси" механиги |
1984 | Дөңгөлөгү бар тамактануу жайы | Томас |
1985 | Менин ийгиликтүү жылдыздарым | Булчуңдуу киши |
1985 | Жактоочу | Билли Вонг полиция кызматкери |
1985 | Менин ийгиликтүү жылдыздарым 2 | Булчуңдуу киши |
1985 | Ниндзя чагылганын согушу | aka To Catch a Ninja
aka Ninja Fury |
1985 | Ажыдаардын жүрөгү | Тед Фанг, полиция офицери |
1985 | Полициялык окуя | Кевин Чан Гакхёй (Чэнь Цзяцзюй) |
1986 | Тентек балдар | Түрмөдөгү бала |
1987 | Кудайдын жабдыктары | Джеки Кондор |
1987 | "А" проектиси 2 | Ажыдаар Ма Юилун |
1988 | Ажыдаарлар түбөлүк | Жеки Лан |
1988 | Полициялык окуя 2 | Кевин Чан Гакхёй (Чэнь Цзяцзюй) |
1989 | Кереметтер | Charlie Cheng Wah Kuo |
1990 | От аралы | Lung /Steve Tong |
1991 | "Кудайдын жабдыктары 2" Кондор операциясы | Джеки Кондор |
1992 | Тибеттик бала | аэропорттогу жүргүнчү |
1992 | Эгиз ажыдаарлар | Джон Ма / Бумер |
1992 | Полициялык окуя 3: Суперполиция | Кевин Чан Гакхёй (Чэнь Цзяцзюй) |
1993 | Шаардык мергенчи | Рио Саэба "Шаардык мергенчи" |
1993 | Криминалдуу окуя | Эдди Чан инспектору |
1993 | Суперполицейский 2/ "S" проектиси | Кевин Чан Гакхёй (Чэнь Цзяцзюй) |
1994 | Кызуу чебер 2 | Хуан Фэйхун |
1995 | Биринчи сокку | |
1995 | Бронкстогу талаш | Кьонг |
1995 | Громобой | Chan Foh To
Alfred Tung |
1996 | Полициялык окуя:4 Биринчи сокку | Кевин Чан Гакхёй (Чэнь Цзяцзюй) |
1997 | Мистер Крутой | Жеки |
1997 | Күй, Голливуд, күй | (камео) |
1998 | Мен киммин? | Мен киммин |
1998 | Кымгуут убак | Инспектор Ли |
1998 | Мулан | Ли Шанг капитаны |
1999 | Мыкты | Си Эн Чан |
1999 | Комедиянын падышасы | (камео) |
1999 | Келечектин полициясы | fisherman |
2000 | Шанхай түш маалы | Чон Вонг |
2001 | Кокус тынчы | Бак Йен |
2001 | Кымгуут убак 2 | инспектор Ли |
2002 | Смокинг | Джимми Тонг |
2003 | Шанхай баатырлары | Чон Вонг |
2003 | Медальон | Эдди Янг |
2004 | "Феникс" операциясы | Mr. Chan (камео) |
2004 | Жер жүзүн 80 күндө | Паспарту / Лау Шинь |
2004 | Хуаду хроникасы | Lord of Armour
(камео) / aka The Huadu Chronicles: Blade of the Rose |
2004 | Жаңы полициялык окуя | Кевин Чан Гакхёй (Чэнь Цзяцзюй) |
2005 | Миф | Meнг И генералы |
2006 | Роб-Би-Гуд | |
2007 | Кымгуут убак 3 | Башкы инспекор Ли |
2008 | Тыюуу салынган падышалык | Даос Лу Янь/Ху |
2008 | "Кунг-Фу панда" мультфильми | Чебер Маймыл |
2009 | Синдзюктагы жаңжал | Steelhead |
2009 | Жекини издөөдө | aka Jackie Chan Kung Fu Master |
2009 | Кытайдын негизделиши | (камео) |
2010 | Кошуна шпион | Боб Хоу |
2010 | Чоң солдат | Чоң солдат) |
2010 | Каратэ-бала | Мистер Хан |
2010 | Силкбой тууралуу уламыш | Кси Ронкун |
2011 | Шаолинь | Ву Дао |
2011 | 1911 | Huang Xing |
2011 | Кунг-Фу панда 2 | Чебер Маймыл |
2012 | Кудайдын жарактары 3: Кытай зодиагы | Джеки Кондор «Азиялык куш» |
Терс каармандарды ойноо
түзөтүүЖеки Чан терс каарманды ойногон бир канча тасмалар бар:
- Брюс Ли менен “Жин муштуму” ("Кулак ярости”) тасмасында Судзуки карате чеберинин алмаштыруучусу (1972);
- Брюс Ли менен “Ажыдаардын чыгышы ” тасмасынын эпизодунда терс каармандын ролу (1973);
- “Гонкогдогу чатак”(“Разборка в Гонконге”) тасмасында банданын жетекчисинин ролу (экинчи орундагы роль) (1973);
- “Сюрприздин аягы жок” (“Сюрпризам нет конца”) тасмасында өлтүргүч аялдын (1975);
- “Метеорлор-өлтүргүчтөр” (“Метеоры-убийцы”) тасмасында башкы терс каармандын ролу (1976).
Кийинчерээк батыш студияларынын сунушуна карабай, терс каармандарды ойногон эмес.
Коркуусу
түзөтүүКээ бир интервьюлорунда, Чан гидрофобиядан азап чегээрин айткан. Эл аралык каскадёрлор сыйлыгын ээси, кунг-фу чебери, жана жөн эле мыкты актёр, жакында, суудан коркоорун моюнга алды.
Тасма учурунан көз ирмемдер
түзөтүү
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Jackie Chan, Jeff Yang. I Am Jackie Chan: My Life in Action. — Pan, 1999.
- Renee Witterstaetter. Dying for Action. — Grand Central Publishing, 1997.
- Curtis F. Wong, John R. Little. Inside Kung-Fu. — McGraw-Hill, 1998.
- Darren F., Long B. Hong Kong Babylon. An Insider Guide to the Hollywood of the East. — L., 1997.
- О. Ключарева. Джеки Чан. — Р-н/Д.: Феникс, 2004.
Интернеттеги шилтемелер
түзөтүүЖеки Чандын өмүр таржымалы
Жеки Чан
Жеки Чандын Орусиядагы официалдуу эмес сайты