Пергамент
Пергамент (гр. pergamos - пергам) — иштетилип кургатылган жанa аки-таш сус- пензиясы кошулуп жумшартылган такыр теринин бир түрү болуп, б. з. ч. 2-кылымда пергамент жазуу материалы катары кеңири колдонулган.
1) Мал пергаменти - малдын (музоо, козу, улактын) терисин атайын иштетүүдөн алынат; бышыктыгы (үзүүгө бекемдүүлүгү) 100— 120 МПа (10—12 кгк/мм2). Техникалык тетиктерди жанa музыкалык аспаптарды жасоодо колдонулат.
2) Өсүмдүк II— күкүрт кислотасы менен иштетилген соң жуулуп, пластификадияланылып, кургатылат; Ал сууну, майды өткөрбөйт, орточо тунуктукка ээ. Пергамент орогуч материал, фармацевтикалык стерилдүү материал катары жанa диализде колдонулат.
Жасалма Пергамент кагаздын бети атайын мездр желими менен иштетилип даярдалат. Ал металл буюмдарын ороодо пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.