Петрушка (лат. Petroselinum) — чатыр гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу; бир же эки жылдык өсүмдүк. Бийикт. 75—150 см, бутактуу. Жалбырагы жылма же тармал. Гүлү саргыч, майда.

Petroselinum segetum.

Уругу майда, өзгөчө жыттуу, бышканда оңой күбүлөт. Суукка чыдамдуу. Жумшак, күр топуракта жакшы өсөт. Биринчи жылы жалбырак, мөмө тамыр, экинчи жылы гүлдүү сабак жана уругу чыгат. Петрушка тамак-ашка, консерва өнөр жайында жана медицинада колдонулат. Алгач Жер Ортолук деңиз жээгинде өстүрүлгөн.

ошондой эле түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.