«Пляж» (англ. The Beach) — 2000-жылы чыккан Дэнни Бойлдун Леонардо Ди Каприонун катышуусунда антиутопия жанрында тарткан тасмасы.

Пляж
The Beach

Пляж (англ. The Beach) тасмасынын постери
Жанры

драма
мелодрама
триллер

Режиссёру

Дэнни Бойл

Продюсери

Andrew Macdonald

Сценарийдин
автору

Китеп:
Алекс Гарленд
Сценарий:
Жон Хож

Башкы ролдордо

Леонардо Ди Каприо
Тильда Суинтон
Виржини Ледуайен

Оператору

Дариус Хонжи

Композитору

Анжело Бадаламенти
Жон Кейл
Брайан Ино

Кинокомпания

20th Century Fox жана Figment Films

Узактыгы

119 мүнөт

Бюджети

50 млн $[1]

Кирешеси

144 056 873 $[1]

Өлкө

 АКШ
 Улуу Британия

Тили

Англисче

Жылы

2000

IMDb

ID 0163978

Мазмуну түзөтүү

Тасма жайкы каникулун демейдегисинен башкача өткөрүүнү каалаган америкалык студент Ричарддын Таиландга келиши менен башталат. Эң арзан отелдердин бирине жайгашкан аны кызыктуу.жана сырдуу таанышуулар күтүп турган болот. Окуя Ричарддын отелден жүрүм-туруму кызыктай болгон Даффи аттуу киши менен таанышуусунан кийин курчуй баштайт. Анткени жаңы таанышы өтө алыс эмес жерде табышмактуу, бейиштей кооз арал бар экенин айтып, анын сырын ачат. Ага баруу үчүн керек болгон картаны да берет. Бирок эртеси Ричард Даффинин бөлмөсүнө баш багып, анын канга чыланган жансыз денесин көрөт.  Көп өтпөй Ричард жаңы тааныштары, кыз-жигит Франсуаза менен Этьенди ээрчитип сырдуу аралга жөнөйт. Жолдон ал эс алып жүрүшкөн америкалык эки сёрфер менен таанышып, кетеринде алардын эшигинин астына картанын жана слайддын көчүрмөсүн таштап кетет. Ошол картанын жардамы менен аралга барган сёрферлер тай фермерлеринин колунан каза табышат.  Жол улап отуруп аппак кумдуу аралга сүзүп жеткен үчөө марихуана плантациясына туш болуп, жергиликтүү тай фермерлеринин куугунтугуна кабылышат. Алардан качкан үчөө аргасыз шаркыратмадан да секиришет. Дал ушул жерден үчөөнү көп жылдар бою аралда отурукташып калган элдин мүчөсү тосуп алат. Топтун башчысы, Сэл аттуу айым алардын топко кошулганын айтып, өз эрежелери менен тааныштырып, эми мындан чыгып кете албасын эскертет. Мындан аркы окуялар сүйүү, кызганыч, достук сезимдеринин негизинде өнүгүп барат. Башкача айтканда, Ричард менен Франсуазанын ортосунда сүйүү оту жанып, ал тургай түн ортосунда океан жээгинде кумарга батышат. Экөөнүн мамилеси тууралуу сөз кыздын жигити Этьенге да жетет. Бирок ал «силердин мамилеңерге тоскоол боло албайм» деген гана жоопту айтат. Бул ортодо топтун башчысы Сэлдин да Ричардга болгон кызыгуусу артып, азык-түлүк алганы өзү менен материкке чыгып келүүгө чакырат. Кургактыкка чыкканда Сэл баягы америкалык эки сёрфердин арал тууралуу сүйлөшүп жаткандарын угуп калып, «буларга картаны сен бердиң» деп Ричардды күнөөлөйт. Ооз басырык кылуу үчүн бир түн аны менен болууну талап кылат. Жигит аргасыздан анын сунушуна макул болот.  Тасма аралдын тургундарынын кургактыкка кайтып келиши, Ричарддын электрондук почтадан Франсуазадан«Пляждагы жашоо. Экинчи аалам. Баарыңарды сүйөм» деген жазуусу бар сүрөттү алуусу менен аяктайт.

Каармандарда түзөтүү

Актёр Роль
Леонардо Ди Каприо Ричард Ричард
Тильда Суинтон Сэл Сэл
Виржини Ледуайен Франсуаза Франсуаза
Гийом Кане Этьен Этьен
Роберт Карлайл Даффи Даффи

Китеп менен тасманын айырмачылыктары түзөтүү

Бул тасма британиялык жазуучу Алекс Гарленддин «Пляж» романынын негизинде тартылган. Тасманын сценарийин автор өзү жазса да, атайын кылганбы, бир топ айырмачылыктар орун алган. Мисалы, романда Ричард Франсуаза менен да, топтун башчысы Сэл менен да кумар отуна батпайт. Ал Этьенди мыкты жигит деп баалап, дайыма сыйлайт. Тасманын аякташы да китептегиге окшошо бербейт. Китепте Ричард баштаган топ аралдан качып келишсе, тасмада болсо тайларга жеңилген Сэл карамагындагы адамдарды бошотууга аргасыз болот. Ошондой эле тасманын аягында Ричард Франсуазадан кат алып байланышы уланса, романда, тескерсинче, байланыштары үзүлөт

Пляждан чыккан чыр түзөтүү

Пхи-Пхи-Ле аралы бейиштегидей көрүнсүн деген максатта «20th Century Fox» компаниясы пляжды бульдозер менен түздөшүп, ашыкча пальмаларды, бадалдарды кыйышкан эле. Экологдор аны өз калыбына келтирип берүүсү үчүн аталган кинокомпанияны сотко беришкен. 2006-жылы Таиланддын Жогорку Соту келтирилген зыяндын баасын эсептеп, кинокомпанияга жана тайлык айрым чиновниктерге айып салган.

Мындан сырткары тасманын премьерасынан кийин «Баңгизат өстүрүлөт деп өлкөнүн имиджин бузушту. Ал гана эмес, барга Будданын статуясын коюп маскаралашты» деп чыккан таиланддык саясатчылар да болгон.

Тасма тууралуу кызыктар түзөтүү

  • Режиссёр башында башкы ролго жакын досу, актёр Эван МакГрегорду тартмакчы болгон. Бирок продюсерлер жана кино тартуучу студия Леонардо Ди Каприону тандашкан. Бул окуядан кийин режиссёр менен досунун мамилеси салкындап, катышпай калышкан.
  • Тартуу учурунда чыгармачыл топ отурган кайык кырсыкка учурган. Алардын арасында режиссёр жана башкы каарман Ричард да болгон. Бактыга жараша, эч кимиси катуу жабыркаган эмес.
  • Тасма тартылган Пхи-Пхи Ле жана Пхукет аралдары 2004-жылкы цунамиге кабылган.
  • Даффинин Ричардга берген картасын романдын автору, жазуучу Алекс Гарленд өзү колго тарткан. Албетте, ага бул эмгеги үчүн гонорар төлөнгөн.
  • Тасмадагы тегереги тоолор менен курчалган арал чынында мынчалык эмес. Компьютердин жардамы менен атайын тоолорду жасашкан.
  • Бул тасма жарыкка чыккан соң аталган аралга саякатка келгендердин жана дайверлердин саны бир топ өскөн. Учурда тасма тартылган пляж «Ди Каприонун пляжы» деп аталат.
  • Ди Каприонун бул ролу начар аткарылган ролдордун катарына кирип, актёр «Алтын малина» сыйлыгына татыган.
  • Каармандар секирген шаркыратма Таиланддагы Кхао яй улуттук паркында жайгашкан.

Шилтемелер түзөтүү

Калып:Дэнни Бойлдин тасмалары

  1. 1.0 1.1 boxofficemojo.com «The Beach». Текшерилген күнү 19 -февраль (бирдин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 26 -февраль (бирдин айы) 2013.