Полиморфизм (гр. polymorphos - көп түрдүү) - бир эле түрдүн ичинде сырткы кебетеси боюнча бири-биринен кескин айырмаланышкан, өтмө формаларына ээ эмес особдордун болушу. Эгерде мындай формалар экөө болсо диморфизм деп аталат, көбүнчө жыныстык диморфизм кубулушу кездешет. Генет. бир өңчөй популяциянын чегинде П. гидроиддердин колонияларында белгилүү. Булардын бир сталонесинде түрдүү түзүлүштөгү гидранттар өнүгүшү мүмкүн. Муун алмашуу менен байланышкан П-ге бир түрдүн кандай кебетедеги полиптери (кыймылдабас деңиз жаныбары) жана медузалары (килкилдеген тунук денелүү деңиз жаныбары) - мисал болот. Мындай П., дигенетикалык соргучтарда бир эле түрдүн личинкаларынын формаларынын көп түрдүүлүгү сыяктуу эле, плейоморфоз деп да аталат.

Panthera onca.
Panthera onca (кара).

Курт-кумурскалар үчүн алардын уюктарында жана колонияларында (бал аарыларында матка жана жумушчу особдору) особдордун функцияларынын ар түрдүү бөлүнүшү менен байланышкан П. мүнөздүү.

Генет-да П. популяциянын особдорунда эки же андан көп генотиптик класстарынын туруктуу кармалышы. Бул особдор чөйрө шарттарынын гетерогендүүлүгү менен шартталган ачык - айкын фенотиптик айырмачылыктарга ээ жана популяциянын генотиптик түзүлүшүнүн ыңгайлануу жиктелишин (дифференциация) чагылдырат. П. ар кандай генетикалык механизмдердин: бир жыныстагы (жыныстык диморфдүүлүк) особдордун толук гетерогаметалуулугу, гетерозиготалардын (теңсалмактануу П.) ыңгайланышуу артыкчылыгынын эсебинен сакталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү