ПомпейИталиянын түштүгүндөгү шаар. Кампания областында Неополь булуңунун жээгиндеги Везувий жанар тоосунун этегинде жайгашкан. Калкы 25 миң (2010). Негизинен калкы туристтерди тейлешет. Геофизикалык обсерватория бар. Шаарга жакын байыркы Помпей шаарынын урандылары жайгашкан. Ал биздин замандын 79-жылы Везувий жанар тоосунун атылышынан 7–9 м калыңдыктагы күл астында калган. Казуу иштери 18-кылымдын ортосунан, кийин 1940–50-жылдарда жүргүзүлүп, шаардын көп бөлүгү, шаар дарбазасынын жанындагы көрүстөн жана анын четиндеги кооз жайлар ачылган. Помпей капысынан кыйрагандыктан, анда храмдардын, театрдын, ошондой эле скульптура, мозаика менен кооздолгон көптөгөн турак үйлөрдүн калдыктары жакшы сакталып калган. Помпей – биздин замандын 1-кылымындагы Рим империясынын чарбасы, турмушу, маданиятты жана искусствосунан маалымат берүүчү маанилүү булак. 1997-жылы Шаардын археологиялык зонасы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү