Портал
Портал (лат. porta — кире бериш, дарбаза) — имараттын архитектуралык жактан жасалгаланган босогосу. XI-кылымдан роман, готика жана байыркы орус архитектурасында колонналары архивольттор менен бириктирилген дарбазалуу портал пайда болгон. Ренессанс жана барокко мезгилинде портал антаблементти, фронтонду көтөрүп турма пилястрага, колонналарга кошулуп турган.
Булактар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9