Поэзия киргизского народа

«Поэзия киргизского народа» («Кыргыз элинин поэзиясы») — М. Богданованын «Кыргыз поэзиясынын антологиясына» (« Антология киргизской поэзии», М., 1957, 7 — 18-б.) жазган баш сөзү. Макалада кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында «Манас» эпосунун өзгөчө орду белгиленген. Анын кагазга түшүрүлүшү тууралуу азын оолак маалымат берилип, кыргыз уламыштарына караганда Токтогул акын, Балык, Келдибек, Тыныбек, Найманбайлардын да «Манас» айткандыгы көрсөтүлөт. Манасчы С. Каралаев тууралуу кеңири сөз болуп, анын вариантынын негизги идеясы сырткы душмандардан элин, жерин коргоо экендиги белгиленген. Сагымбай Орозбак уулунун вариантында жогорудагы аталган негизги идеядан башка да феодалдык басып алуучулук, исламчыл, түркчүл (пантүркизм) мотивдер да орун алган деген пикир айткан. Бул пикир — «Манасты » реакциялык чыгарма деп бурмалагандардын авторго тийгизген таасиринин натыйжасы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4