Эдгар Аллан По

По Эдгар Аллан‎»‎ барагынан багытталды)

Эдгар Аллан По (англ. Edgar Allan Poe; 1809-жыл 19-январь — 1849-жыл 7-октябрь) — америкалык жазуучу, редактор жана адабий сынчы болгон. По поэзиялары, кыскача аңгемелери, айрыкча, сыйкыр жана түнөргөн жомоктору менен таанымал. Ал Америка Кошмо Штаттары менен жалпы эле Америка адабиятындагы романтизмдин борбордук жүзү деп кеңири кабыл алынып келет жана өлкөдөгү кыскача аңгеме жазган эң алгачкы ишмерлердин бири делет. По негизинен фантастикалык детектив жанрынын ойлоп табуучусу деп кабыл алынат жана андан ары илимий фантастикалык жанрдын жаралышына да салымын кошкон. Ал өз жашоосуна бир эле жазуучулук менен алектенип акча табууга аракет кылган эң алгачкы таанымал америкалык жазуучу болгон, натыйжада ага материалдык жактан оор турмушту жана ишмердикти баштан өткөрүүгө туура келген[1].

Эдгар По (1848).

Өмүр таржымалы түзөтүү

По Бостондо эки актердун экинчи баласы болуп жарык дүйнөгө келген. Анын атасы 1810-жылы үй-бүлөсүн таштап кетип, апасы болсо кийинки жылы каза болгон. Ошентип жетимге айланган бала Виржиниянын Ричмондундагы Жон жана Фрэнсис Аллан тарабынан асырап алынган. Алар расмий түрдө аны эч качан асырап алган эмес, бирок По алар менен жаш өспүрүм курагына чейин жашаган. Жон Аллан менен Эдгардын ортосундагы мамилелердин чыңалуусу кийинчерээк кумар оюндарынан пайда болгон карыздардан жана жаш жигиттин орто билиминин баасынан улам өрчүп кеткен. По Виржиния университетине тапшырып, бирок акча жетишпестигине байланыштуу бир семестрден кийин окуусун таштап койгон. По Аллан менен билим алуу үчүн каражаттар боюнча талашып-тартышкандан кийин 1827-жылы ойдон чыгарылган ысымга жамынып аскерге кызмат өтөгөнү кетип калган. Бул анын китеп басып чыгара баштаган карьерасынын башаатына туура келген. "Темирлан жана башка поэмалар" (анг. Tamerlane and Other Poems, 1827) чыгармасынын автордук укугу башка анонимдүү жыйнак менен бирге жупуну болсо да "бир бостондукка" ыйгарылган. 1829-жылы Фрэнсис Аллан көз жумгандан кийин По менен Аллан убактылуу мунасага келе алышкан. Бирок По кийин АКШнын аскердик академиясында окуусун уланта албай мындан ары акын жана жазуучу болуш үчүн бекем каалоосу бар экенин билдирип, акыр аягында Жон Аллан менен эки башка жолго түшкөн.

По көңүлүн прозага буруп, кийинки бир нече жылда адабий журналдарда жана мезгилдүү басылыштарда иштеп, өзүнүн адабий сын стили менен белгилүү болгон. Жумушу аны Балтимор, Филаделфия жана Нью-Йорк шаарларына көчүп барууга мажбурлаган. 1836-жылы Ричмонддо ал өзүнүн 13 жаштагы жээни Виржиния Клеммге үйлөнгөн. 1845-жылы январда По заматта ийгиликке жеткен "Карга" (анг. Raven) поэмасын басып чыгарган. Анын аялы китеп жарык көргөндөн эки жылдан кийин кургак учуктан көз жумган. Ал бир топ жылдар бою өзүнүн The Penn (кийинчерээк The Stylus деп өзгөртүлгөн) аттуу журналын чыгарууну пландап жүрүп, бирок ал ишке ашканга чейин эле дүйнө салган. По 40 жашында 1849-жылдын 7-октябрында Балтимордо каза болгон; анын өлүмүнүн себеби белгисиз бойдон калганы менен алкоголдук ичимдиктерге, мээ тыгынына, холерага, маңзатка, жүрөк ооруларына, кутурмага, өзүн-өзү өлтүрүүгө, кургак учукка жана башка илдеттерге байланыштырылып жүрөт.

По жана анын чыгармалары Америка Кошмо Штаттарындагы жана дүйнө жүзүндөгү адабиятка жана ошондой эле адистештирилген багыттар космология менен криптографияга өз таасирин тийгизген. По жана анын эмгектери адабият, музыка, кино жана теледе, жалпы эле элдик маданиятта орду бар. Бүгүнкү күндө ал жашап өткөн үйлөр музейге айланган. Американын детектив жазуучулар уюму аталган жанрда жыл сайын өзгөчөлөнгөн чыгармага "Эдгар" сыйлыгын тапшырып келет.

Чыгармалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Meyers, Jeffrey (1992). Edgar Allan Poe: His Life and Legacy (Paperback ed.). New York: Cooper Square Press. ISBN 978-0-8154-1038-6.