Башбаракты ачуу

Фантастикалуулук (адабият)

Фантастикалуулук – ой-кыялдан чыгарылган, турмушта болууга мүмкүн эмес нерселерди чагылдыруунун тиби, турмушту образдуу чагылдыруунун бир жолу. Адабияттын тарыхында фантастикалуулукка чоң роль таандык.

Ал көбүнчө эпос, жомок, легенда, утопия, сатира сыяктуу жанрларга мүнөздүү. Фантастикалуулук ар түрдүү көркөм методдордо ар кандай өзгөчөлүктөргө ээ болгону менен, негизинен бардык эле көркөм методдордо көрүнөт. “Манас” эпосундагы баатырлардын кайып болушу, Алмамбеттин аба ырайын өзгөртөр касиети, жомоктордогу желмогуз кемпир, дөөлөр, учма килемдер, аттардын адамча сүйлөшү, кырк кулач казан сыяктуу көрүнүштөр фантастикалуу нерселер болуп саналат. Мына ушулар менен элдин кыялы ой жүгүртүүлөрү аркылуу көркөм чыгарма жаратуу өзгөчөлүгүн аңдап көрүүгө мүмкүн. Ошондой эле адабиятта жазуучулар али боло элек доордогу окуяларды ой жүгүртүү менен жазып чыгат, маселен, Ч. Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романында Токойлуу төш планетасына кеткен учкучтар, ал планета тууралуу алардын каттары мына ушундай формада жазылган, муну баалап алып келечекти, болочок окуяларды чагылдырууну негизинен илимий фантастикалык чыгармаларда көрүүгө болот. Тамсилдеги жаныбарларды сүйлөштүрүүдө, Б. Сарногоев “Мидинге катында” жана ага жооп катары Э. Ибраев "Мидинден кат" поэмасында гротеск-фантастиканын элементтерин пайдаланышат. А. Осмоновдун "Ким болду экен?", "Эшимкандын тереги" "Мырза уул" поэмаларында шарттуу фантастикалык ыкма өтө ыктуу колдонулган.

Колдонулган адабияттарОңдоо