Путорана платосуОрто Сибирь бөксө тоосунун бийигирээк, өтө тармактанган бөлүгү. Пясина, Хета дарыясынын башталышын, Төмөнкү Тунгусканын он куймаларынын алабын ээлейт. Краснояр крайында. Эң бийик жери 1701 м (Камень чокусу). Көлдөрү көп (Лама, Кета, Чоң Хантай ж. б.). Көп жерин сейрек өскөн кызыл карагай, карагай, бадал, суу бөлгүчтөрүн жана капталдарын (1200 м бийиктикке чейин) тоо-тундрасы, андан жогору тоо-арктика чөлү ээлейт. Жез-никель рудаларынын жана таш көмүрдүн кеңи бар.

Путорана платосу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү