Төмөнкү тунгуска - РФтин Иркутск областындагы жана Краснояр крайындагы дарыя.

Төмөнкү тунгуска
Мүнөздөмө
Узундугу 2 989 км
бассейндин аянты 473 000 км²
Суу чыгымы 3420 м³/с
Жайгашкан орду
Өлкө  Орусия
Област Иркутск облусу
ОМСР 17010700112116100061570

Енисейдин оң куймасы. Узундугу 2989 км, алабынын аянты 473 миң км2. Орто Сибирь бөксө тоосу аркылуу агат. Жогорку агымында өрөөндөрү жазы. Босоголуу, таштуу, тайыз жерлери көп.

Негизги куймалары: Кочечум, Виви, Тутончана (оң), Непа, Таймура (сол). Орточо чыгымы 3420 м3/сек. Кар суусунан куралат. Май-июль айларында кирет. Жайында жана күзүндө жаан суусунан, жазында үйөрдөн улам деңгээли 3540 мте көтөрүлүп ташкындайт. Сал агызылат. Жогорку жана төмөнкү агымында кеме жүрөт.

Калктуу пунктары: Тутончаны, Тура, Ногинск, чатында Туруханск.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4