Радиометриярадиоактивдүү заттардагы нуклиддин активдүүлүгүн (убакыт бирдигиндеги бөлүнүп ажыроо санын) өлчөө методдорунун жыйындысы. Радиометрияны 1930-жылы Эрнест Резерфорд менен немис физиги Xанс Гейгер негиздеген. Радиометриялык ыкмалардын түрлөрү көп жана алар радиоактивдүү заттарды (булакты) даярдоо ыкмасы, ченөөлөрдүн түрү жана пайдаланыла турган физикалык кубулуштар боюнча айырмаланат.

⍺ жанa β-нурланууларынын активдүүлүгүн абсолюттук ченөөдө 4π – санагыч методу колдонулат да, бул учурда булактан ар кандай тараптарга таралган бөлүкчөлөр саналат. Активдүүлүк A=N/PK формуласы менен аныкталат, мында N — фонго жана саноо болбой калган убакытты эсепке алып, аларга түзөтүү киргизилгендеги саноонун ылдамдыгы, радиометрия – бөлүнүп ажыроо схемасына түзөтүү, К — нуклиддин булакта жана булак коюлган затта жутулуу коэффициенти. Нуклиддин активдүүлүгүн ченөөдө дал келүү методу, калориметрдик, салыштырма методдор колдонулат. Бул үчүн иондоштуруучу камера, сцинтилляциялык санагыч жана жарым өткөргүчтүү детектор пайдаланылат. Радиометрия белгиленген атом методунда, тоо тектин жашын аныктоодо, археологияда ж.б. ар түрдүү маселелерди чечүүдө кеңири колдонулат.

Булактар түзөтүү