Радиоактивдүүлүк (радио... жана латынча activus – активдүү, аракеттенүү) – химиялык элементтин туруксуз изотобунун өзүнөн өзү элементардык бөлүкчөлөрдү же ядролорду (мисалы, а-бөлүкчөнү) бөлүп чыгаруу менен башка элементтин изотобуна айланышы. Радиоактивдүүлүк кубулушунун маңызы – негизги же дүүлүккөн абалдагы атом ядросунун курамынын өз алдыча өзгөрүүсүндө жатат. Мындай өзгөрүүлөр ядродон элементардык бөлүкчөлөрдүн же башка ядролордун учуп чыгышы менен коштолот. Жаратылыштагы изотоптордо байкалуучу радиоактивдүүлүк табигый, ал эми ядро реакциясы аркылуу алынганы жасалма радиоактивдүүлүк деп аталат. Радиоактивдүүлүк айланууларды элементардык (бир баскычтуу) жана татаал (эки баскычтуу) деп экиге бөлүүгө болот. Элементардык айланууга α–ажыроо, β–ажыроо, ядронун өз алдынча бөлүнүшү ж. б., эки баскычтуусуна кечигүүчү бөлүкчөлөрдү (протон, нейтрон, тритий ядросу ж. б.) чыгаруучу процесстер кирет.

Радиоактивдүүлүк 1896-жылы ачылган. А. Беккерель уран элементинин белгисиз нур чыгарганын байкаган. Ал радиоактивдүү нур деп аталган. Кийин Мария жана Пьер Кюри полоний жана радий элементтери да радиоактивдүү нур чыгарганын аныкташкан. Э. Резерфорд радиоактивдүү элементтер 3 түрдүү нур (⍺-,β -, γ-нурлар) бөлүп чыгарарын көрсөткөн. 1934-жылы И. Жолио-Кюри жана Ф. Жолио-Кюри жасалма радиоактивдүүлүктү ачышкан. Ядролордун радиоактивдүү ажыроо процесстери N0 =N0exp(-λt) закону боюнча жүрөт. Мында NQ – убакыттын баштапкы учурундагы радиоактивдүү ядролор саны, λ – ажыроо туруктуулугу, Nt–t убакыттан кийинки радиоактивдүү ядролор саны. радиоактивдүүлүктүн негизги бирдиги – кюри жана резерфорд. радиоактивдүүлүк техникада жана медицинада кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү