Райнис Ян (чын аты-жөнү - Янис Плиекшапс) (30. 8(11. 9). 1865, Екабпилс району, Варславаны кыш. - 12. 9. 1929, Рига) - латыш акыны, драматург, коомдук ишмер, Латыш ССР эл акыны (1940). Аревдатордун үйбүлөсүнөн.

Петербург университетинин укук факультетинде окуган (1884-88). Чыгармаларын 1887-жылдан баштаган 1891-95-жылдары «Диенас лапа» газетасынын редактору. Марксизмди пропагандалаганы үчүн 1897-жылы сүргүнгө айдалган. Кайта келгенден кийин латыш социал-демократы катары революциялык күрөштү уланткан.

1905-жылы Швейцарияга кетип, анда 1920-жылга чейин жашаган Мекенине кайтып келген соң сеймдин депутаты жана революциячыл акын катары латыш буржуазиясынын реакциячыл саясатын айыптаган. Анын «От жана түн» (1905), «Алгын тулпар» (1910), «Сок, шамалым!» (1913), «Иосиф жана бир туугандары» (1919) пьесалары, «Көгүлтүр кечтин алыскы жаңырыгы» (1903), «Бурганактын күчөшү» (1905), «Жаш күч» (1907) ж. б. ыр жыйнактары латыш адабиятынын алтын казынасынан орун алды. Юрмала шаарында Райнистин музей үйү бар.

Колдонулган адабияттарОңдоо

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4