Рахманкул хан, Рахманкул Жапаркул уулу (түркчө. Haci Rahman Kul Kutlu; август, 1913 - 06-август, 1990) – Кичи Памирдеги ооганстандык кыргыздардын ханы (1949-1978).

Өмүр жолу

түзөтүү

Теги жана балалык чагы

түзөтүү

Рахманкул Жапаркул уулу Тажикстандын Мургаб аймагында (башка маалымат боюнча - Түштүк Кыргызстандагы Чоң Алай жергесинде) 1913-жылы баш оона (август) айында туулган. Анын атасы Жапаркул бир кезде Кокон ханы Кудаярдын миңбашысы болгон. Кыргыздын тейит уруусунан. Рахманкулдун атасы Жапаркул миңбашы мындан бир кылым мурда совет бийлигине каршы күрөшкөндөрдүн бири болгон. Ошондуктан ал "басмачы" катары караланып, совет бийлигинин куугунтугуна кабылгандан кийин, Памир тоолорунун Ооганстандагы бөлүгүнө көчүп кетүүгө аргасыз болгон эле. Жапаркул совет доорунда Ооганстанга көчө качкандыгы айтылат.

Бийликте турган биринчи жылдары

түзөтүү

Жапаркулдун тун уулу Рахманкул эр жеткенде көпчүлүктүн көзүнө көрүнүп, татыктуу талапкер катары таанылгандыктан, 1938 же 1942-жылы оогандык кыргыздар аны өздөрүнө хан кылып жарыялап алышкан. Рахманкул хандын тушунда бир жагынан ал жөнүндө атайын бурмаланган маалыматтар, жалган жалаалар кыргызстандыктарга жайылтылып турса, экинчи жагынан чегарадагы советтик аскерлер тарабынан хандын өзүнө кол салуулар болуп турган. Ошондуктан, ал 1948-жылы Кытайга качууга мажбур болгон. Ал хандыктан баш тартып, Кытай Памири тарапка өткөн.

Кытайдагы кыйын кез (1948-50)

түзөтүү

Рахманкул хан Кытайга барып, бирок 2 жылдан кийин ал жактан да кайра кайтып келүүгө мажбур болгон. Кытайда коммунисттик режим орногондо, ал 1950-жылы жайында Ооган Памири тарапка кайра өтө качкан. Оболу ал Пакистанга улагалаш Миң-Теке деген жерде кытайлык чек арачыларды конокко чакырып алып, өзүлөрүн өлтүрүп, курал-жарагын олжолоп, Кичи Памирге өтүп кеткен.

Экинчи жолу хан болушу. Ооганстан менен болгон мамиле

түзөтүү

1950-жылы Рахманкул кайрадан хан шайланганда, ал өз ээлигинин коопсуздугу үчүн Ооганстандын бийлигин таанууга, автономдуулук алууга чечим чыгарган. Ооган падышасы Захир шах аны урмат-сый менен тосуп алып, Өкмөт үйүнүн мейманканасында 3 ай коноктогон. 1965-жылы Ооган өкмөтү аны алтын медаль менен сыйлап, "Ак-Зоо" деген бийик тоого Рахманкулдун ысымын беришкен.

1964-жылы Рахманкул хан Ооганстандын парламенти - Лойа Жырганын ардактуу мүчөсү болуп калган. Ал шахтын Ооган Памириндеги акими да болгон.

Пакистанга көчүү

түзөтүү

1978-жылы Ооганстанда төңкөрүш болуп, артынан жарандык согуш башталгандыктан, учурдан пайдаланып совет аскерлеринин кол салуусу да күчөгөндүктөн, Рахманкул хан өз элин Пакистандын аймагына көчүрүүгө аргасыз болгон. Ооганстанда Саур ыңкылабы (Апрель революциясы) деп аталган жана Кремл тарабынан козутулган бул төңкөрүштөн соң Кабулдагы борбордук таянычынан ажыраган Рахманкул хан ошол жылдын июль айында Кичи Памирдеги кыргыздардын жоон тобун Пакистанга көчүрүп кеткен.

Пакистандагы жашоонун татаалдыгы, жугуштуу оорулардын көбөйүшү, саясий кысымдар аны ээрчиген кыргыздардын бир далайын кырган. Гилгит өрөөнүнүн ысык ж-а нымдуу абасы, жут, жугуштуу оорулар жана качкын турмуштагы абал бозгун кыргыздардын көпчүлүк бөлүгүн кыйнаган.

Натайжада, Рахманкул хан АКШнын элчилигине жана Түркия өкмөтүнө жардам сурап кайрылууга мажбур болгон. Маалыматтарга караганда, Рахманкул хан кыргыздарды АКШнын Аляска аймагына көчүрүү тууралуу да сүйлөшүү жүргүзгөн. Ал эми Кыргызстанда ошол тушта советтик идеалогия үстөмдүк кылгандыктан, мекенге кайтууга эч мүмкүн эмес эле.

Түркияга көчүү

түзөтүү

1982-жылы август айында Түркия мамлекети Рахманкул хандын Пакистандагы элин 3 учак менен көчүрүп кетип, Ван деген көлдүн жээгиндеги аймакка жайгаштырган. Рахманкул хан 293 түтүн (1138 адам) кыргыздары м-н аба жолу аркылуу Түркияга (Ван көлүнүн боюна) көчкөн. Ал жакка барганда, кыргыздар жылуу кабыл алынган жана алардын урпактары бүгүнкү күнгө чейин Түркиядагы жашоосун улантышууда. Ал эми аны менен учпай калган айрым кыргыз түтүндөрү Пакистанда калган же Ооган Памирине кайтып келген.

Өлүмү жана керээзи

түзөтүү

Рахманкул хан 1991-жылы 78 жашында дүйнөдөн өтүп, акыркы катында өз элине мындай деп керээз калтырган: "Алланы, пайгамбарыбызды, динибизди, мусулманчылыгыбызды унутпагыла. Аллахтан тилеп, бирдиктен, иттипакчылыктан (ынтымактан) айрылбагыла. Аллахга аманат".

Түркиядан "Кутлу" деген фамилия алган Рахманкул хан уулдарына Кыргызстан менен байланышты үзбөөнү насаат кылгандыктан, анын кенже уулу кыргызстандык кызга үйлөнгөн.

Тарыхый баа

түзөтүү

Кыргызстанда Советтер Биримдиги кулаган соң гана Рахманкул хандын ишмердүүлүгүнө оң баа бериле баштаган. Ага чейин француз түркологу жана кыргыз таануучусу Реми Дор сыяктуу азганактай адистер гана Рахманкулдун билимдүү, акылдуу саясатчы болгонун белгилешкен. Анын Ван аймагындагы урпактары кийинчерээк пост-советтик Кыргызстанга байма-бай каттап калышты.

Жеке мүлкү

түзөтүү

Өзүнүн 70 миңден ашык кою, 2миңден ашык топозу, 300дөй төө, жылкылары (уулдарыныкын эсептебегенде) болгон. Чоң-чоң жайыттарды ээлеп, соода карым-катнаштарын да өзү көзөмөлдөп турган.

Рахманкул хан тууралуу чет элдик басылмаларда

түзөтүү

Кытайдан Рахманкул хан менен таанышкан америкалык журналисттер 1950-жылы ханды издеп, Памирге келишкен жана кыргыздар тууралуу изилдөөлөрүн, Рахманкул хан тууралуу жакшы пикирлерин 1955-жылы журнал кылып Вашингтондон чыгарышкан. Ошондон кийин ага жолугуу үчүн келген чет өлкөлүк журналисттер, илимпоздор көбөйүп, 1965-68-жылдары немистер, 1972-жылы англичандар, франциялык профессор Р. Дор, 1974-жылы америкалык өзбек Н.Шахрани өздөрүнүн оогандык кыргыздар тууралуу изилдөөлөрүн жарыялашкан.

Агартуучулук аракеттери жана педагогикалык ишмердиги

түзөтүү

Изилдөөлөргө караганда, Рахманкул хан башкаруучу гана болбостон, эл үчүн мугалим болгон, боз үйлүү мектеп-интернат уюштурган жана өзү да эне тилинен тышкары фарсы, пушту, урду, англис тилдерин жакшы билген. Ал жаштарга куран сабагын, адеп, география, сүрөт, табият таануу, математика жана тарых сабактарын үйрөткөн.

Адабият тизмеси

түзөтүү
  • Реми Дор. Рахманкул - Памирдин акыркы ханы. - Париж: Мишел де Мол басмасы, 2015. (французча).
  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. - ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.
  • M. N. Shahrani, The Kirghiz and Wakhi of Afghanistan: Adaptation to Closed Frontiers (Seattle: University of Washington University Press, 1979).
  • Remy Dor, Si tu me dis chante! chante!....: Documents pour servir a la connaissance et l'etude de la tradition orale des Kirghiz du Pamir Afghan (Paris, 1981).
  • Remy Dor, "Orature du Nord-est Afghan: Les Kirghiz du Pamir" Turcica Vol VIII (1976).
  • M. N Shahrani, "Afghanistan's Kirghiz in Turkey" Cultural Survival Vol VIII, No. 1 (1983);
  • Deborah Denker, "The Last Migration of the Kirghiz of Afghanistan" Central Asian Survey Vol. II No. 3 (1983).

Интернеттеги шилтемелер

түзөтүү