Реалдуу абстракция – адамдын тиричилигинен келип чыккан белгилүү түрдөгү тажрыйбаны жалпылаштырган схеманын натыйжасы.

Мисалы: ар түрлүү ченемдин системалары, акча, тилдин түзүлүштөрү, укук нормасы. Реалдуу абстракциялар тиричиликтин улам татаалдаштырылган түрлөрүнөн, тарыхый процессте адам тарабынан иштелип чыккан. Алар ар кандай социалдык топтордун ортосунда, этникалык, экономикалык, маданий байланыштардын кеңейишинен пайда болот.

Реалдуу абстракцияда адам менен болгон байланыш, анын жөндөмү, күчү, сапаттары менен болгон байланыштар жоголот да алар адамдын үстүнөн караган схемалар, социалдык түзүлүштүн механизми болуп калат. Философияда Реалдуу абстракция логикалык планда изилденген, (Платон, Гегель ж. б.). Акыркы эки кылымда адамдын жашоосунда реалдуу абстракцияларга кызыгуу күчөп жатат. (Дюрхгейм, Юнг).

Колдонулган адабияттар түзөтүү