Роберт Паттинсон (англ. Robert Pattinson) — 1986-жылы 13-майда Англиянын Лондон шаарында туулган.Англиялык актёр, модель жана музыкант[1].

Роберт Паттинсон
Robert Pattinson

Роберт Паттинсон 2017-жылы
Төрөлгөндөгү ысымы:

Роберт Томас Паттинсон
Robert Thomas Pattinson

Туулган датасы:

13 -май 1986(1986-05-13) (38 жаш)

Туулган жери:

Лондон, Улуу Британия

Жарандыгы:

 Улуу Британия

Кесиби:

актёр, ырчы

Карьерасы:

2004 — азыркы учурда

IMDb:

ID 1500155

Өмүр баяны

түзөтүү

Роберт Томас Паттинсон 1986-жылы 13-майда Англиянын Лондон шаарында туулган[2].Роберт 12 жашка толгондо апасы уулунун актёрлукка болгон шыгын байкап тааныштары аркылуу театрга киргизген. Паттинсон 18 жашында бир нече кастингге барып жүрүп акыры “Нибелунгдардын шакеги” аттуу тасмага тартылууга мүмкүнчүлүк алган. Аталган тасма 2004-жылы чыккан соң бир жыл өткөндөн кийин, “Гарри Поттер жана оттун кубогу” тасмасына тартылууга киришкен. 2007-жылы Summit Entertainment Паттинсон “Күүгүм” тасмасында Эдвард Каллин аттуу вампирдин ролун аткарарын жарыялаган. Тасмада актёр өзүнүн ролун жеткиликтүү аткарып, болуп көрбөгөндөй атак-даңкка жеткен. Ал 2009-жылы жана 2012-жылы "MTV Movie Awards" сыйлыктарын алган.

Тасмаграфиясы

түзөтүү
Жылы Кыргызча аталышы Түпнуска аталышы Каармандык ролу
2004 т Нибелунгдардын шакеги Ring of the Nibelungs Гизелхер
2005 т Гарри Поттер жана оттун кубогу Harry Potter and the Goblet of Fire Седрик Диггори
2006 т Куугунтуктоочу Тоби Жагг The Haunted Airman Тоби Жагг
2007 т Гарри Поттер жана Феникс Ордени Harry Potter and the Order of the Phoenix Седрик Диггори
2007 т Жаман апанын күндөлүгү The Bad Mother’s Handbook Дэниэл Гейл
2008 т Жайкы үй Summer House Ричард
2008 т Күүгүм Twilight Эдвард Каллен
2008 т Олдоксон курак How to Be Арт
2008 т Өткөөл мезгилдеги жаңырыктар Little Ashes Салвадор Дали
2009 т Күүгүм. Сага. Жаңырган ай The Twilight Saga: New Moon Эдвард Каллен
2010 т Мени эсте Remember Me Тайлер Хоукинс
2010 т Күүгүм. Сага. Тутулган The Twilight Saga: Eclipse Эдвард Каллен
2011 т Күүгүм. Сага: Агарган таң — 1-бөлүк The Twilight Saga: Breaking Dawn - Part 1 Эдвард Каллен
2011 т Пилдер суусу! Water for Elephants Жейкоб Жанковски
2012 т Сүйүктүү досум Bel Ami Жорж Дюруа
2012 т Күүгүм. Сага: Агарган таң — 2-бөлүк The Twilight Saga: Breaking Dawn - Part 2 Эдвард Каллен
2012 т Космополис Cosmopolis Эрик Пэкер
2013 т Миссия: Кара тизме Mission: Blacklist Эрик Мэддокс
2014 т Ровер The Rover Рейнолдс
2014 т Жылдыздардын картасы Maps to the Stars Жером Фонтана
2015 т Өмүр Life Деннис Сток
2015 т Балачактын лидери The Childhood of a Leader
2015 т Чөлдүн Королевасы Queen of the Desert Томас Эдвард Лоуренс
2016 т Жоголгон шаар Z The Lost City of Z Генрих Костин
2016 т Мени карма Hold On To Me Жимми
2017 т ~ Good Time Конни Никас

Жеке жашоосу

түзөтүү

"Күүгүм" тасмасында тартылуу учурунда Роберт Паттинсон актриса Кристен Стюарт менен жолуккан. Экөө мамиле куруп, 2012-жылы актриса бир эле убакта режиссёр Руперт Сандерс менен да мамиледе болгону ачыкталган[3][4].

Бул окуядан кийин экөө келечектеги үй-бүлөсү үчүн сатып алган үйүн сатып жиберип[5], эки айрым жолго түшүшкөн.Бир нече убак өткөн соң экөө кайра элдешип, бирок кайра эле мамилелерин токтотушкан[6].

2014-жылдан тарта Роберт Паттинсон ырчы FKA twigs (Талия Дебретт Барнетт) менен кыз-жигит болуп, 2015-жылы апрель айында баш кошо турганын айтышкан.

Кызыктуу маалыматтар

түзөтүү
  • Дээринен уялчаак жигит. Кыздар тийишип сөз айтып койсо эле кызарып кетет. Сейил бакты же көчөнү аралап басканды абдан жакшы көрөт. Бирок популярдуу болгондон кийин көчөдө эркин басып жүрө албай калган.
  • Ырымдарга аябай ишенет. Көздөгөн иши оңунан чыкпай жаткан болсо, “эмне күнөө кылдым эле?” деп башын кармап отуруп калат.
  • Ыр жазат жана ага обон чыгарат. Азырынча ырчы болуп акча табууну көздөбөйт. Кусалыкка батып турганда гана ырдап коёт. “Күүгүм” тасмасындагы «Let me sign» ("Мага белги берчи") деген ырдын сөзү, обону, аткаруучусу да Паттинсон өзү.
  • Бош убактысын лыжа тебүүгө, сноубордго жана футболго арнайт.
  • Робду бүгүнкү күндө актёр катары эмес, ийгиликтүү модель деп да билүүгө болот.
  • Британиянын көптөгөн түстүү журналдары Робертти “Учурдун эң сексуалдуу мырзасы” деп белгилешкен. Бирок Роб өзүн сексуалдуу деп эсептебейт, өзүн чыныгы эркекмин деп билет.

Эскертмелер

түзөтүү

Шилтемелер

түзөтүү