СЕНТО
СЕНТО - 1958-жылы Иракта болуп өткөн төңкөрүштөн кийин Ирак Багдат пактысынан чыгып кеткен болчу.
1959-жылы август айында бул пакты атын өзгөртүп « Борбордук Конвенция Уюму» (Central Treaty Organization) деген жаңы ат алган жана англисче аталышынын баш тамгаларын кыскартып СЕНТО деп аталган. Борбору Анкарада. Мүчө өлкөлөр : Түркия, Иран , Пакистан жана Англия. Ал эми АКШ байкоочу статусунда болчу. Бирок бул уюм 1979-жылы таркатылды. СЕНТОнун эл аралык деңгээлдеги катчылыгы бар болчу жана ар бир өлкөдөн өкүлдөр бир жыл үчүн баш катчылык кызматын өтөчү. Уюмдун негизги органы министрлер кеңеши болчу жана бир жылда бир канча жолу тышкы иштер министрлеринин ортосунда жыйын өткөрүлчү. Ал жыйында СЕНТОнун жалпы саясаты талкууланчу жана техникалык комитеттин отчеттору иликтенип, кабыл алынчу .
Негизги комитеттери төмөнкүлөр болчу: Аскердик Комитет, Экономикалык Комитет, Кыйратуучу ш–аракеттер менен Күрөшүү Комитети жана Байланыш Комитети. СЕНТОдо НАТОдогудай сыяктуу кол астында аскердик уюмдар жок болчу. Бирок аскердик жетекчилер арасында дайыма кызматташтык байланыштар, кеңешүү жана биргелешип иш жүргүзүүгө багытталган иш-чаралар уюштурулуп турчу. Бул максат менен Анкарада ар бир мүчө мамлекеттик Коопсуздукту Сактоо Министрлеринин ортосунда жылына бир канча жолу жолугушуулар болуп, мында аскердик маселелерге байланыштуу темалар талкууланчу.
СЕНТОну чыңдоо максатында 1959-жылы АКШ жана мүчө өлкөлөр Түркия, Иран, Пакистан жана Англиянын ортосундагы эки тараптуу коргоо келишимдерине кол коюлган болчу. СЕНТОнун Экономикалык Комитети кол астындагы комитеттер менен биргеликте транспорт, турак-жай, саламаттыкты сактоо, айыл-чарба, кен өндүрүүнү өнүктүрүү, илимий иликтөөлөрдү жүргүзүү жана изилдөө иштерин жасоочу. СЕНТОнун тегерегинде мүчө мамлекеттердин адистери өз ара кызматташтыктарды жүргүзүшчү, техникалык жактан жардамдашчу, стипендияларды беришчү жана билим алуу жана үйрөтүү иш чараларын жүргүзчү.
Лондон, Анкара, Тегеран жана Карачини байланыштырган кабарлашуу линиясы курулган болчу. Айрыкча Түркия менен Ирандын ортосунда темир жол курулуп, муну Пакистанга чейин узартуу пландаштырылган болчу. Мындан башка Искендерун жана Трабзон порттору СЕНТОнун иштери үчүн кеңейтилип модернизацияланган болчу. Мүчө мамлекеттер аскер күчтөрү жаатында да орток машыгууларды өткөрчү. Пакистандын кош көңүл болушу жана 1979-жылы болуп өткөн Иран коогалаңы СЕНТОнун ыдырашына себепкер болду.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүЭл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9