Салахиддин Эшен ибни Мавлаана Сиражуддин (к.с.)

Салахиддин Сакып же болбосо Салахиддин Эшен деген лакап менен таанымал Салахиддин ибни Мавлана Сиражиддин Оши (1838-жылы (х.1253) Кыргызстандын ордолуу Ош шаарында туулган.[1]

Салахиддин Эшен ибни Мавлаана Сиражуддин
Туулган датасы:

1838(1838-00-00)

Туулган жери:

Ош

Өлгөн датасы:

13 -ноябрь 1910(1910-11-13) (72 жаш)

Өлгөн жери:

Ош

Ата теги: түзөтүү

Салахиддин Эшен азиреттери кол жазмасында жети атасы жөнүндө мындай маалымат калтырган:

Жети атасы: түзөтүү

  1. Мавлана Сиражиддин
  2. Хал Мухаммад Оши
  3. Кожо Назар Хувайда Чимяни
  4. Гайыб (Кайып) Назар
  5. Эр Назар
  6. Түлөк Мухаммед Сопу
  7. Кул Сулайман.[2]

Салахиддин Эшендин атасы жана муршиди болгон Мухаммед Сиражиддин (1822-ж. т.) Кокондогу жана Оштогу медреселерде билим алган. Ош шаарында медреселерде сабак бергени – мударристик кылганы айтылат. Белгилүү бир убакытта Жаркентте (Чыгыш Түркстан) жашап, элди динге чакырып, таалим-тарбия менен иршад озуйпасын аткарган.[3] Мухаммед Сиражиддин көбүнчө Мавлави Сиражи жана Сиражиддин Махдум деген лакап аты менен да белгилүү. Мухаммед Сиражиддин атасы жана ошол эле убакта устазы (шейхи) Хал Мухаммед Эшенден «Накшбандия» тарикаты боюнча ижаза (уруксат) алып, атасы көзү өткөндөн кийин анын ордуна Оштогу борбордук медреседе устаттык иштерин уланткан.[4] Мавлана Сиражиддин азиреттеринин төрт уул, бир кызы болгон. Уулдары: Салахиддин, Шужауддин, Мажидуддин жана Аманхан (1875-1961) жана кызы Самар Бану (1837-1894).[5] Мавлави Сиражиддин 1877-жылы (х.1296) жылы кайтыш болгон.[6] Каза болгон жылы хижраттын 1296-жылы, абжад эсеби менен эсептегенде «рахмат рахмат» сөздөрүнүн эсебине тең келет.[7] Сөөгү атасы Хал Мухаммед Ошинин жанына коюлган.

Карындашы Самар Бану: түзөтүү

Жакындары тарабынан берилген маалыматтарга караганда, Самар Бану 1834-жылы төрөлүп, 1894-жылы 60 жашында каза болгон.[8] Самар Бану алгачкы илимин такыба, аалима болгон апасынан жана атасы Мавлави Сиражиддинден алган. Самар Бану атасынын жолун жолдоп, үйүндө (чакан) мектеп ачып, кыздарга илим үйрөткөн. Окуучуларына диний билимдерден сырткары алардын классикалык адабиятка болгон кызыгуусун ойготуп, тасаввуфий илимдер менен кошо кооз жазуу (хусну кат) санатын да үйрөткөн. Окуучуларына берген жазуу үлгүлөрү азыркыга чейин сакталуу.[9] Атасы жана чоң атасы Хувайда сыяктуу суфий ырларын жазып, ошол кезде кыз-келиндер арасында кеңири жайылган кол өнөрчүлүктүн түрлөрү менен алектенген. Аалымдын кызы болуу менен гана чектелбестен мугалимдик кесиби, акындыктан тартып кол өнөрчүлүккө чейин өнөр ээси болуп, кийинки муундарга, өзгөчө аял затына үлгү десек болчудай. Самар Бану сайган саймалардын кээ бирлери музейлерде сакталуу.[10]

Салахиддин Эшендин бир туугандары: түзөтүү

Салахиддин Сакыптын бир тууганы Аманхан Максым (1875-1961) алгачкы билимин эжеси Самар Банудан алгандыгы, Аманхан Максымдын парс, араб тилдерин жана адабиятты үйрөнүүдө Самар Банунун салымы чоң болгондугу айтылат. Ал 12 жашка чыкканда улуу агасы Салахиддин Эшен аны Анжян медресесине киргизип, анын илим алуусун көзөмөлдөп турган. Урпактарынын берген маалыматына караганда, Салахиддин Эшендин колдоосу менен Стамбулда медицина тармагында билим алган. Салахиддин Эшен иниси жакшы билимге ээ болуусу үчүн аны 1894-жылы Стамбулга медициналык окуу жайга жөнөтөт. Бул мезгилде Аманхан Максым Анжян дагы медресени бүтүрүп, хафыздыкты да аяктаган.[11] Неберелеринин колунда Аманхан Максымдын Стамбулда студент кезинде башына фес (Осмон дөөлөтү кезде кийилген кызыл топу) кийип түшкөн сүрөтү сакталып калган. Аманхан 1961-жылы Ошто каза болгон. Ал Салахиддин Сакыптын жанына коюлган.


Салахиддин Эшендин балдары: түзөтүү

Салахиддин Сакып үч жолу үйлөнгөн. Анын биринчи никесинен Мухаммедхан (лакап аты Камариддин), Махмудхан, Анваруддин, Маматхан аттуу уулдары жана Райханиса аттуу кызы болгон. Камариддинден башка балдары тууралуу маалымат кезикпейт. Экинчи жолу Анжяандык Халберди (Хак Берди) Ахундун кызы Тажинниса айымга үйлөнгөн. Бул никеден Мазхаруддин Максым, Асанжан Максым аттуу балдары жана Зуура аттуу кызы болгон. Жубайы Тажинниса 1898-жылы эгиздери Асанжан менен Зуураны төрөт учурунда каза болгон. Кийин Жаркентте жүргөндө үйлөнүп, ал никеден Хажиниса жана Бахриниса аттуу кыздары жана Шарафиддин Максым жана Разийуддин Максым аттуу уулдары болгондугу жөнүндө маалыматтар кезигет.[12]

Салахиддин Эшендин илим жолу: түзөтүү

Салахиддин Сакып Ислам илимдерин эң жакшы деңгээлде өздөштүрүп, дароо эле тасаввуф жолунда тарбия ала баштаган.[13] Атасы Мавлана Сиражиддин Кокон медресесинде илим алган, ошол доордун алдыңкы мударристеринен жана накшибандий шейхтеринен болгон. Салахиддин Сакып отуз алты жашында чоң атасынын халифасы Эшен Кожодон жана атасы Сиражиддинден Накшбанди-Мужаддиди деген ижаза алган. Кырк жашка чыкканда чоң атасынын миңге жакын шакирттери ага мурид болду.[14] Салахиддин Сакып Хотанда жана сегиз жыл Жаркентте жашаган. Диван адабиятында бул мезгилдер тууралуу баяндалган.

Салахиддин Эшендин иршад кызматтары: түзөтүү

Салахиддин Сакып ырлар жыйнагындагы (диванында) маалыматта, 1878-жылы ажылыкка барууга аттанган. 1879-жылы алгачкы ажылыгын аткарып, Мадина Мунавварадагы Накши-Мужаддидия шейхи Мухаммед Мазхар менен жолугуп, ага кызмат өтөп, ижаза алган. 1889-жылы экинчи жолу ажылыкка барган.[15] Салахиддин Сакып бир канча Накши-Мужаддидия чынжырларынан иршад ижазасын алган:

  1. Атасы жана чоң атасы аркылуу келген силсила (чынжыр); Убайдулла Ахрар – Кади Мухаммед – Махдуму Азам – Мухаммед Амин – Кожо Юсуф – Кожо Хидаятулла (Афак Кожо) – Гаиб Назар – Кожо Назар (Хувайда) – Хал Мухаммед – Мавлави Сиражуддин – Салахуддин Сакып.
  2. Аталары жана чоң аталары аркылуу келген дагы бир силсила, силсилаи Мужаддидия; Ахмад Сарханди (Имам Раббани) – Мухаммад Масум – Убайдулла Хурд – Кожо Мухаммед Парса – Шах Мохаммед Раса – Шах Фазл Ахмед – Мир Абдуррахим Маргнани – Хал Мухаммед – Мавлави Сиражуддин – Салахуддин Сакып.
  3. Мужаддидия силсиласы; Сарханди (Имам Раббани) – Мухаммад Масум – Сайфуддин Ариф – Абдуллах Дахлави – Нур Мухаммед Бадвани – Мырза Мазхар Жаны Жаанан – Абу Саид Дахлави – Ахмед Саид Дахлави – Мухаммед Мазхар – Салахуддин Сакып.[16]

Салахиддин Эшендин иршад үчүн уруксат берген шакирти: түзөтүү

1908-жылында ажылык сапарга аттанып, 1909-жылы Рамазан айында Стамбулга барат. Мейманканалардын биринде берилген ифтар учурунда Сулайман Хилми Тунахан (1888-1959) аттуу руханий шакиртине жолугат. Сулайман Хилми Тунахандын шакирттери берген маалыматка караганда: Салахиддин Сакып менен Сулайман Хилми Тунахан биргеликте Бурса шаарына жол тартышат. Эмир Султан мечитинде (башка булактарда Улудаг тоосунда) чилдеге кирип, руханий тарбиясын берип, улуу даражаларга жеткирет. Сулайман Эфенди устазынын чоң химмат (дуба) жана таважжухуна (колдоосуна) ээ болот.[17]

Абдулхамид Хан II: түзөтүү

Салахиддин Сакып азиреттери 33 - Осмон султаны Абдулхамид хан II менен тыгыз байланышта болгону айтылат.[18] Абдулхамид хан II Салахиддин Сакыпка Азирети Аюб мечитин зыярат кылуусу үчүн атайын ат араба бергени жана Йылдыз мечитинде жума намазда экөөнүн чогуу болгону да Сулайман Эфендинин шакирттери тарабынан эскерилет. Ал тургай, 31-март козголоңу жана Султандын тактан кулашы сыяктуу окуяларда Азирети Салахиддин Эшен Стамбулда эле. Салахиддин Эшендин алдын-ала эскертүүсү менен Султан Абдулхамид хан II 31-марттагы козголоңду күч менен басуудан баш тарткан. Анткени кагылышууда Султанды тактыдан кулатуу үчүн, кыргын уюштурулуп кан төгүлөөрүн кабарлаган.[19] Айуп кары Жаркендийге таандык «Манбаъул-Асрар» китебиндеги Салахиддин Сакыпка «ал-Хакани» деген лакапты кошуп жазган. Салахиддин Сакыптын хан, султандар менен болгон тыгыз байланышын, мамилесин ачыктап турган лакап аты.[20]

Курманжан Датка: түзөтүү

Салахиддин азиреттеринин көптөгөн шакирттери бар эле. Фергана өрөөнүндө Салахиддин Сакыптын шакирттеринин көп болуусу орус падышачылыгынын тынчын алып, көңүлүн бурган.[21] «Алай ханышасы», акылман энебиз Курманжан Датканын Салахиддин Сакыптын шакирти болгону жөнүндө айтылып келет. Себеби Курманжан Датка салттуу үй-бүлөдө тарбияланып, кийин Ошко чоң медресе курган айтылуу Алымбек Датканын жубайы болгондугуна байланыштуу, Оштук эшендерге кол берген деген маалымат бар. Хувайда эшендин урпагы Салахиддин эшен менен тыгыз мамиледе болуп, Ислам боюнча таалим алган. 1895-жылы кенже баласы Камчыбек Ошто дарга асылган күнү Курманжан датка Салахиддин эшендин үйүндө зикир тартып олтургандыгы жөнүндөгү маалымат, муундан-муунга, атадан-балага эшендин урпактарына айтылып келет.[22]

Салахиддин Сакыптын эмгектери түзөтүү

Салахиддин Сакыптын эмгегинен жаралган Макулаты Сакыби, Маъмулаты Сакыби аттуу китептери жана ыр жыйнактары (диваны) бар.

  • Макулат-ы Сакыби: Салахиддин Сакыптын Накшыбандия-Мужаддидия тарикатында жүргөндөрдүн жан дүйнөсүнө азык, руханий дүйнөсүнө мурас катары эң керектүү адеп-ахлак, жүрүм-турум тартиптерин камтыган жана кээ бир диний фикхтар тууралуу жазган эмгеги болуп саналат. Китеп жалпысынан кириш сөз жана 12 пункттан турат.
  • Маамулаты Сакыби: Тасаввуфка тийиштүү маселелерди теориялык жана практикалык жактан чагылдырып берген. Аллах Таалага мактоо, Пайгамбарыбызга (с.а.в.) салават айткандан кийин ата - бабалары тууралуу баяндайт. Мындан тышкары, сопулардын милдеттери жана амалдары, нафил ибадаттардын пазилети, аткаруу жол-жоболору, илим-билим жана тарбиянын маанилүүлүгү, дубалардын өзгөчөлүктөрү жана алардын кабыл болуу шарттарын кеңири баяндаган. Өзгөчө шакирттин устазга болгон адептери бир нече бөлүм менен кенен берилген. Акыркы бөлүктө автордун балдарына айткан керээзи бар. Хатмы хаажаган жана Накши-Мужаддиди шейхтеринин хатимдери да орун алган.[23]
  • Диван: Салахиддин Азиреттеринин «Сакып» деген лакабы менен жазган ыр жыйнактарынын топтомунун бир бөлүгү парс тилинде жазылган. Өз колу менен жазган жана жалгыз нускасы болгон ырлар жыйнагы –Диваны, белгисиз себептерден улам толук бүтпөй калган. Салахиддин Сакыптын мураскорлорунун колунда сакталып турган ыр жыйнактарында көптөгөн тарыхый окуялар чагылдырылып, маалыматтар камтылган.[24] Бул кол жазмада парс, араб жана түрк тилдеринде дубалар, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) жана анын Миражга чыгуусу айтылып, ахли байтка жана төрт халифанын урматына мактоолор жазылган. Бахауддин Накшибанд жана анын пирлерине касыйда, ата-бабаларынын тарыхы жана пир менен муриттин мамилеси, пирге карата адеп, латаиф, муракаба жана колдонуу усулдары, кыскача баяндамалар тууралуу жазылган ыр саптары бар. Чыныгы жана жалган пирлердин сыпаттары, Сакыптын чоң атасы Хувайданын бештик жана алтылык деп атаган ыр саптары, Мухий менен жазышкан каттары, уулу Мазхариддиндин туулган күнү тууралуу маалыматтар топтолгон. Акыркы саптарында Сакыптын дүйнө салганына кайгырган муриттеринин жана аялынын жазган жоктоо, кошок ырлары да камтылган.[25]

Каза болуусу түзөтүү

Акыркы ажылык сапарынан кайтып келгенден кийин көп өтпөстөн, Орто Азиядагы Накши-Мужаддидия жолунун акыркы өкүлдөрүнөн болгон Салахиддин Сакып 7-Зул-Каъда, 1910-жылы (1328) 13-ноябрда Ош шаарында каза болгон. Ал Кыргызстандын Ош шаарындагы Шарк айыл аймагындагы[26] бийик дөңсөөдөгү Сармазар көрүстөнүнө коюлган. Салахиддин Сакыптын кабырынын үстүндө курулган күмбөз 1940-жылдары бузулган жана учурда кайрадан тургузулду.

Булактар түзөтүү

  1. Т. Жалилов, Нафосат оламида, Тошкент: Ғафур Ғулом номидаги Адабиёт ва санъат нашриёти, 1974, 159-б; Гўзаллик оламида, Ғафур Ғулом номидаги Адабиёт ва санъат нашриёти, 1979, 176-б; Ўзбек шоиралари, Тошкент: Ғафур Ғулом номидаги Адабиёт ва санъат нашриёти, 1970, 285-б.
  2. Салахиддин Сакып, Диван, 80-82-бет.
  3. Н. Абдулаҳатов, Фарғона туманы тарихи асотирлар, лавҳалар, изланишлар, Фарғона: Фарғона нашриёти, 2013, 204-б.
  4. M. Moidinova, Sâkib Salahaddîn’in Divâni ve Tasavvufî Görüşleri, Uludağ Üniversitesi Temel Islam Bilimleri Anabilim Dali Tasavvuf Bilim Dali (Yayınlanmamış Yüksek Lisans Tezi) Bursa, 2018, s. 11.
  5. Салахиддин Сакып тарабынан алынган маалыматтар (2009); Карнз.; M. Moidinova, Sâkib Salahaddîn’in Divâni ve Tasavvufî Görüşleri. s. 7.
  6. П. Қайюмов, Тазкираи Қаюмий, Тошкент: ЎзРФА Қўлёзмалар институти таҳририй нашриёти бўлими, 1998, 495-б.
  7. Т. Жалилов, Бону, Тошкент: Ёш гвардия нашриёти, 1963, 43-б,
  8. Т. Жалилов, Бону, 22-б,
  9. Карнз.: Т. Жалилов, Ўзбек шоиралари, 309-б.
  10. Дин тарихи давлат музейи тўплами китоб-альбоми, «Ўзбекистон маданий мероси» муаллифлик туркуми / Ф.Ф. Абдухоликов, Э.В. Ртвеладзе, Е.А. Терюкова, И.А. Османова, В.А. Димшиц, Э.Ф. Гюль, П. В. Федотов // Тошкент: «Zamon-Press-Info Nashriyot Uyi» МЧЖ, Тошкент, 2020, 21-22-б.
  11. M. Moidinova, Sâkib Salahaddîn’in Divâni ve Tasavvufî Görüşleri, s. 18.
  12. M. Moidinova, Sâkib Salahaddîn’in Divâni ve Tasavvufî Görüşleri, s. 16-17.
  13. Silsiletü’z-Zeheb Silsile-i Sâdât-ı Nakşibendiyye, Hazırlayan: Fazilet Neşriyat Araştırma Heyeti, İstanbul: Fazilet Neşriyat, 2017, s. 329.
  14. N. Tosun, Selâhaddin Sâkıb, Türkiye Diyanet Vakfı İslâm Ansiklopedisi (DİA), EK-2. C., Ankara: TDV yayınları, 2019, s. 498.
  15. Карнз.: Салахиддин Сакып, Диван, 108, 109, 111-бет.
  16. Аюп Каари Яркенди, Манбаъул-Асрар, Яркенд, 1356, 158-167-б.
  17. Silsiletü’z-Zeheb Silsile-i Sâdât-ı Nakşibendiyye, s. 333.
  18. Silsiletü’z-Zeheb Silsile-i Sâdât-ı Nakşibendiyye, s. 333.
  19. Silsiletü’z-Zeheb Silsile-i Sâdât-ı Nakşibendiyye, s. 333.
  20. Крз.: Аюп Каари Яркенди, Манбаъул-Асрар, 164-165-бет.
  21. Карнз.: В.А. Парфентьев, Селение Вуадиль (статистический очерк) // Ежегодник Ферганской области. Т. 3. Нов. Маргелан, 1904. c. 80.
  22. M. Moidinova, Sâkib Salahaddîn’in Divâni ve Tasavvufî Görüşleri, s. 16-17.
  23. N. Tosun, Türkistan Dervişlerinden Yadigâr Orta Asya Türkçesiyle Yazılmış Tasavvufi Eserler, İstanbul: İnsan Yayınları, 2011, s. 105-108.
  24. Silsiletü’z-Zeheb Silsile-i Sâdât-ı Nakşibendiyye, s. 335.
  25. M. Moidinova, Sâkib Salahaddîn’in Divâni ve Tasavvufî Görüşleri, s. 27; Карнз.: N. Tosun, Kırgızistan Tarih ve Kültüründe Tasavvuf//Tasavvuf İlmi ve Araştırma Dergisi, Yıl: 16 [Temmuz-Aralık 2015] Sayı: 36, s.114.
  26. Шарк айыл аймагы - Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Падаван айылында жайгашкан. Айыл өкмөтүнүн курамына 6 айыл кирет. Шарк айыл аймагынын деңиз деңгээлинен 1000 - 1100 метр бийиктикте жайгашкан. Климаты кескин континенталдык. Кышында салыштырмалуу суук, жайында өтө жылуу. Аймактык жер титирөөнүн 8-9 балдык зонасына кирет.