Салтанат Нукенованын өлтүрүлүшү
Бул макаланы «Бишимбаевдин иши» макаласы менен бириктирүү сунушталууда. |
Салтанат Нукенованын өлтүрүлүшү – 2023-жылы 9-ноябрда ал күйөөсү тарабынан ырайымсыз сабалгандан кийин 31 жашында көз жумган[1] Нукенова баш сөөгүнөн жана мээсинен алган травмадан кийин борбордук нерв системасынын, жүрөгүнүн иши жана дем алуусу токтоп калгандыктан каза болгон[2]. Анын өлүмү Казакстанды нес кылып, бийликтен зордук-зомбулукка каршы жазаны катаалдатууну талап кылган акциялар башталган. Натыйжада аялды жана баланы кордогондордун жазасын катаалдаштыруу мыйзамы кабыл алынган [3] [4] [5].Бул окуяга Казакстан эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзү көз салып турду[6] [7]. Анын өлтүрүлүшү боюнча сот 2024-жылдын 13-майында аяктаган. Соттук отурумдар жергиликтүү сыналгылардан эле эмес, Казакстандын Жогорку соту тарабынан түз эфирде көрсөтүлгѳн.
Салатан Нукенованын үй-бүлөлүк жашоосу
түзөтүүСалтанат Нукенова (1992-жылдын 15-майы - 2023-жылдын 9-ноябры) – Казакстандын Павлодар шаарында туулган. Ал астрологияга кызыгып, консультацияларды өткөрчү. Салтанат Нукенованын өзүнүн билдирүүлөрүнүн биринде күйөөсү менен ушундай консультациялардын биринде таанышканын жазган. 2022-жылдын сентябрь айында Куандык Бишимбаевге турмушка чыккан. Экөө диний жөрөлгө менен нике кыйышкан.
Соттогу документтерде ылайык: "2022-жылдын август айында Бишимбаев менен Нукенова Астана шаарында таанышкан. Ага Нукенова жагып калгандыктан, жолугушууга чакырып, артынан түшкөн. Нукенованын бир нече жолу баш тартканына карабай, Бишимбаев тез арада өзүн жакшы көрсөткөнгө аракет кылган. 2022-жылдын 16-декабрында Бишимбаев менен Нукенованын үйлөнүү тою болгон. Бирок алардын никеси расмий катталган эмес. Алар жарандык никеде жашаган”[8].
Сотто айтылгандай, Бишимбаев үйлөнгөндөн кийин эле аялына агрессиясын көрсөтө баштаган: “Ал Нукеновага туугандары жана курбулары менен сүйлөшүүгө, жолугушууга тыюу салып, анын кимге телефон чалганын, кат алышканын, баскан-турганын көзөмөлдөп баштаган. Ошондой эле анын ошол маалда жакшы киреше тапкан иши менен алектенүүсүн чектеген”.
Прокурор белгилегендей, кезектеги ур-токмоктон кийин Нукенованы туугандары аны ажырашууга көндүргөнгө аракет кылышкан. Бирок андан майнап чыккан эмес. Ал эле эмес, Бишимбаев аялын уруп-сабап гана токтоп калбай интимдик опузага да өткөн[8].
Салтанат Нукенова кантип өлтүрүлгөн
түзөтүү8-ноябрдын кечинде түгөйлөр Астанада орус ырчысы Дима Биландын концертине барышкан. Ал жактан экөө уруша кеткен.
“Концерттин аякташын күтпөй эле экөө чыгып, урушкан бойдон BAU рестораны жайгашкан "Гастроборборго" жөө жөнөшкөн. Ал жактан экөө VIP номерлердин бирине кирип, вино ичишкен. Экөө чогуу төрт бөтөлкө вино ичип, мамилелерин териштирүүнү улантышат. Нукенова чарчаганын айтып, андан биротоло кетүүнү чечкенин айткан. Бул тууралуу Нукенова агасы Амангелдиге да жазып, аныкына түнөгөнү барарын айткан. Келин такси чакырып, үйүнө кетүүгө аракет кылган. Түн ортосуна жакын Бишимбаев менен Нукенова ресторандан чыгып, "Гастроборбордун" ичинде мамиле териштүүрүнү улантышкан" - деп белгиленет прокурордун корутундусунда.
Тергөө аныктагандай, түнкү саат 2лерде экөө кайра ресторанга келишет. Бул маалда түгөйлөрдүн урушу күчөйт.
Бишимбаев аялынын намысына тийип, басмырлап, ага канча кийим-кече, зер буюмдарды сатып бергенин доомат кыла баштаган. Нукенованын жини келип, ич кийиминен башкасынын баарын чечип салат. Бул Бишимбаевдин кыжырын ого бетер кайнатып, ал муштуму менен Нукенованы башка-көзгө койгулаган.
Таңкы жетилерде Бишимбаев менен Нукенова автоунаа токтоочу жайга барышкан. Бишимбаев мас болгондуктан машинесин айдай албай тротуарга чыгып кеткен. Муну көргөн автоунаа токтоочу жайдын күзөтчүсү машинени токтотконго аргасыз болгон.
Бишимбаев келинди кайра ресторанга сүйрөп кирип, уруп-сабаганын уланткан.
“Ресторандын холлунда Бишимбаев бир нече жолу муштаганда Нукенова жерге кулап калган. Бишимбаев бут кийимчен Нукенованы тепкилей баштаган. Андан кийин жерден көтөрүп, кайра башка койгулап, чачынан кармап VIP номерлердин бирине сүйрөп кирген", - деди прокурор.
Айыптоочу кошумчалагандай, Салтанат ажатканага жашырынууга аракет кылган. Бишимбаев темир штатив менен эшикти сындырып ачып, келинди сүйрөп чыгып, кайра тепкилеген.
“Көздөгөнүнө жетиш үчүн муунта баштаганда келин эс-учун жоготкон. Көп өтпөй Салтанат өзүнө келген. Муну көргөн Бишимбаев аны кайра койгулай баштаган. Нукенова эс-учун жоготуп, сулк жатып калгандан кийин гана токтогон”.[8].
Салтанат Нукенованын өлтүрүлүшү боюнча соту
түзөтүүСалтанат Нукенованын өлтүрүлүшү боюнча соту 11-мартта башталган. 30-ноябрда ачылган кылмыш иши “адам өлтүрүү” беренесинен “өзгөчө ырайымсыздык менен киши өлтүрүү” беренесине өзгөртүлгөн[5].
Казакстандын тарыхында биринчи жолу сот залынан түз эфир уюштурулган[1].
Сот өкүмү
Аялын сегиз саат кыйнап өлтүрүүгө шектелген Казакстандын мурунку экономика министри Куандык Бишимбаевди сот арачылары 24 жылга эркинен ажыратылган[9].
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 Крис Риклтон. Аялын өлтүрүүгө шектүү мурдагы министрдин иши. Казакстанды нес кылган, окуя. Азаттык, 19-Ноябрь, 2023. https://www.azattyk.org/a/kazakstan-uydogu-zombuluktu-tyyaby/32690220.html
- ↑ Казакстан: Сотто Нукенова боюнча экспертизанын жыйынтыгы айтылды. Азаттык, 4-Апрель, 2024. https://www.azattyk.org/a/32890921.html
- ↑ Казак активисттери үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жообуна тартууну талап кылышты. Азаттык, 2-Ноябрь, 2023. https://www.azattyk.org/a/32695391.html
- ↑ Казакстанда үй-бүлө зомбулугу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган мыйзам колдоо тапты. Азаттык, 11-Апрель, 2024. https://www.azattyk.org/a/32901497.html
- ↑ 5.0 5.1 Рахат Кеңешова. "Зордукчул эрден качып кутул". Коом жарасын жарган Бишимбаевдин иши. Азаттык, 25-Апрель, 2024. https://www.azattyk.org/a/zordukchul-erden-kachyp-kutul-koom-zharasyn-zhargan-bishimbaevdin-ishi-/32919272.html
- ↑ "Драма" жана "шоу". Миллиондогон киши көңүл бурган Бишимбаевдин соту. Азаттык, 21-Апрель, 2024. https://www.azattyk.org/a/32911109.html
- ↑ Урганы – жакшы көргөнүбү? Кантип Салтанат Нукенова үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөштүн символу болуп калды. factcheck.kg, апрель 2024. /https://factcheck.kg/ky/bet-znachit-lyubit-kak-saltanat-nukenova-stala-simvolom-borby-protiv-domashnego-nasiliya
- ↑ 8.0 8.1 8.2 Элиза Кененбаева. Экс-министр аялын такай сабап, интимдик видео тартууга мажбурлаган. Азаттык, 13-Март, 2024. https://www.azattyk.org/a/ueyloengoendoen-tartyp-zombuluk-koersoetkoen-ayalynyn-oeluemuenoe-ayyptalgan-eks-ministrdin-ishi-/32858878.html
- ↑ Айьза Камчыбекова .Салтанат Нукенованын өлүмү: Бишимбаев 24 жылга соттолду. Kaktus.kg 13-май 2024.