Сама – угуп кабылдоо, жат кылуу.

Араб-мусулмандарынын китеп маданиятындагы жана хадисиндеги ыкманын бир түрү. Самада мухаддис хадистин тексттин угуучуларга оозеки жатка айтат же үн чыгарып окуйт, шакирттери хадисти угат, эске тутат жана кайра айтып берет. Эгер тууралыгына көзү жетсе мухаддис аны башкаларга да үйрөтүүгө шакирттерине уруксат берет. Жаңы хадисти үйрөнүүдө бул ыкма кайталанат, шакирттери жазып алып үйрөнсө да болот. Чыгарма Сама ыкмасы менен бөлүк-бөлүктөргө бөлүнүп иштелип чыгат, үйрөнүлөт Сама үйрөтүүнүн эң жакшы жолдорунун бири деп эсептелгендиктен, адабияттарда ага шилтеме берүү арбын кездешет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү