Санташ ашуусу — Төртүнчүлүк мезгилде жон сымал көтөрүлгөн Тасма жана Чааржон антиклиналдарынын аралыгындагы белбаскак. Каркыра жана Түп өрөөндөрүнүн чегинде жайгашкан. Бийиктиги 2120 метр.

Айланасын өрөөнүн Алматы шаары менен байланыштыруучу авто жолу өтөт. Ашууда метеорологиялык станция бар. Аты ашууга жакын жаткан жумуру таш үймөктөрүнө байланыштуу пайда болгон.

Адабият түзөтүү

  • Кыргызстан географиясы-/-Мамлекеттик энциклопедия борбору-Бишкек, 2004-ISBN 9967-14-006-2

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү