Санташ шамалы - Каркыра жана Түп өрөөндөрүнүн четиндеги Санташ ашуусунан Ысык-Көл ойдуңун карай соккон тоо шамалы.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-20 м. Чыгыш тараптан келген муздак аба массасы, көл аймагындагы жылуу абанын басымы менен температурасынын ортосундагы айырмадан пайда болот. Шамал жаан-чачындуу муздак аба ырайын алып келет. Санташ шамалы согор алдында Ысык-Көл өрөөнүндө аба басымы төмөндөп, шамал башталгандан кийин кайра жогорулайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2