Сарказм (гр. Sarkasmos – кыйноо, көңүлүн калтыруу) – сатиралык чыгармаларда ар кыл көрүнүштөрдү же адамдарды автордун же каармандардын өтө заардуу тил менен шылдыңга алышы. Сатирик акын Мидин Алыбаев кошоматчылардын терс жактарын таамай көрсөтүү үчүн сарказмды пайдаланат:

Бирөө бар: Кошомат үчүн жанын элеп-желеп, 
“Чоңдун” тегерегине айланат.
өзүн парвана көпөлөккө теңеп.
Өз баласынын оюнчугун – 
“начальниктин” баласына жулуп берет.	
 (М. Алыбаев)

"Манас" эпосундагы сарказм түзөтүү

Сарказм (кыйноо, чымчып алгандай жанын ачытуу, кейитүү мааниде) — куйкумдуу, ачуу сөөктөн өтүп, чучукка жеткен күйдүргү шылдың сөздөр менен адамдын ачуусуна тийүү. Сарказмда шылдың кылган нерсеге адегенде оң маани берилип, анан терс кылык-жоруктарын атайын апыртып, какшык аркылуу ашкерелегени менен айырмаланат. Мисалы, Күлчоро Айчүрөктүн кыздары менен оюн куруп, Семетейге кайрылып кабар бербей жатып алганда «Тезек терген кыз болсо Теңтуш болуп аласың, Куурай терген кыз болсо курдаш болуп аласың” — деп Семетей кан кызы Айчүрөктү жана анын жөкөрлөрүн күңдөргө теңеп күйдүргү сөз менен Күлчорого ачууланат. Айчүрөк да ага жараша жооп айтат:

Чынкожо аттуу жээним бар,
Толтой аттуу эрим бар,
Жолоочуну тоскудай
Кандай менин эбим бар.

Эпосто Манастын өзүнө да жан ачыткан, ачуу чучукка жеткен, сөөйтөн өткөн сөздөр менен:

Манас, Манас деп койсо
Барбайып калат экенсиң
Үйлөп койгон чаначтай
Дардайып калат экенсиң
Эрдигиң бар, эсиң жок
Эчтеме менен ишиң жок..., — деп кээде кырк чоро да Манастын өзүн мазакташат.

Бул сарказм ыкмасынын каражаты өзүнүн зарылдыгы, дүрмөттүүлүгү менен күчтүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004