Сартбай Бөлөкбай уулу (1839, Талас өрөөнү, Кеңкол болушу, Чырканак өңдүрү —1919, ошол эле жер) — төкмө акын. Кушчу уруусунан.
Кедей үй-бүлөдөн. Анын ырлары бизге аз санда жетти. Сартбайды обончу, ырчы катары кыргыз жергесине атагын чыгарган анын жигит курагында ырдаган «Күңөтай» аттуу армандуу лирикалык ыры болгон. Ал ырдын, ага ылайыктуу обондун жаралышына автордун өз башынан өткөн трагедиялуу махабаты себепчи болгон. Жардылыктын айынан үйлөнмөккө пул издеп кеткенде убадалашкан колуктусун башка жигит алып, той үстүнөн чыккан Сартбай арманын, күйүтүн ырында төгөт. Чыгарманын кыргыз жергесине айрыкча таралып кетиши өткөн заманда калың төлөй албай арзыганынан ажырап, өкүттө калган көптөгөн жаштардын турмушуна мазмундаш келгени менен түшүндүрүлөт. Ыр ооздон оозго өттүп, алымча-кошумчаланып, көп варианттуулукка өткөн. Обону да өзгөрүүгө учураган.
Сартбай Олуя-Атанын Кең-Чий деген жериндеги тойдо казактын акын кызы Мыскал менен айтышып, табышмагын жандырып жеңип чыккан. Ал 19 жашында Чүйдөгү солтонун Осоке аттуу бийинин үйүндө анын Байгабыл деген ырчысы менен айтышып, жеңген. Сартбай элдик жомокторду, анын ичинде «Кожожаш», «Жаныш-Байыш», «Саринжи-Бөкөй», «Олжобай менен Кишимжанды» өтө чебер аткарганы тууралуу эл оозунда айтылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.