Саясий активдүүлүк - коомдук активдүүлүүгүн формаларынын бири, өзүнө саясаттын субъектисинин абалын өзгөртүүгө багытталган саясий жүрүм-турумду камтыйт.

Саясий активдүүлүк аң-сезимдүү жана стихиялуу болуп бөлүнөт. Саясий активдүүлүк саясатка катышкан индивидге, массаларга таандык. Мазмуну боюнча Саясий активдүүлүк төмөнкүдөй болот: конструктивдүү жана деструктивдүү; саясий жашоонун инновациялык демократиялык формаларын түзүүгө алып келүүчү прогрессивдүү болот, уюмдарда жана институттарда социалдык топторго, айрым жарандарга коомдо туруктуулукту сактоого мүмкүнчүлүк берүүчү, социумдун өнүгүшүн кармап турган консервативдүү аракеттер катары түшүндүрүлөт. Эгерде прогрессивдүү саясий активдүүлүк коомду бириктирип, анын чыныгы кызыкчылыктарын, индивиддердин эркиндикке умтулуусун, социалдык-саясий мурастарды сактоонун, карама-каршылыктарды гумандуу чечүүсүн объективдүү зарылчылыктарын чагылдырса, реакциячыл активдүүлүк социалдык байланыштарды начарлатат, саясий турмуш үчүн коркунучтуу формаларда (улутчулдук, сепаратизм, экстремизм) чыгат. Саясий активдүүлүк коомдук жашоонун бардык чөйрөлөрүн (технол., экономикалык, социалдык, саясий, руханий) өзгөртүүгө же сактап өнүктүрүүгө, социалдык топторго таасир тийгизүүгө багытталган. Саясий активдүүлүккө социалдык кризистердин убагында өзгөчө күч алган саясий пассивдүүлүк каршы турат. Саясий пассивдүүлүк баалуулуктарга, идеалдарга, бийлик структур аларынын ишмердүүлүгүндөгү стратегиялык жана тактикалык багыттарга калктын канааттанбаган шарттарында күчөйт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4