Саясий башкаруу – саясаттын субъектисинин өз кызыкчылыктары үчүн саясий мамилелерге тийгизген аракеттери жана таасирлери. Саясат коомдук турмуштун бардык жактарынын бирдиктүү туюндусу катары чыккандыктан, Саясий башкаруу аларга карата саясаттын, биринчилигинин көрүнүшү болуп, коомдук өнүгүүнүн экономикалык жана руханий маселелеринин саясий чечимдерин камсыз кылат. Ушундан улам Саясий башкаруу бийликти ишке ашыруучу катары чыгат.

Саясий башкаруу жалаң эле мамлекеттик каражаттар аркылуу эмес, ошону менен бирге ар кыл коомдук уюмдар, биринчи кезекте, саясий партиялар тарабынан да жүргүзүлөт. Саясий башкаруу толугу менен ишке ашыруу үчүн бийликти колго алуу жетишсиздик кылат. Колго алынган бийликти пайдалана билүү зарылчылыгынан келип чыгат. Мындай пайдалана билүү, биринчи кезекте, объективдүүлүктү жана субъективдүүлүктү гармониялык айкалыштыруудан көрүнөт. Натыйжалуу башкаруу үчүн саясаттын субъектиси (инсан, элита, лидер) объективдүү чындыктын өнүгүү мыйзам ченемдиктерин таанып – билүүгө жана ал билимдерин өзүнүн практикалык ишмердүүлүгүндө жетекчиликке алууга тийиш. Илимге негизделбеген жана баш аламан жүргүзүлгөн Саясий башкаруу коомдогу терс көрүнүштөргө жана кризистерге алып келет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9