Саясий жоопкерчилик

1) Эл аралык укуктук жоопкерчиликтин бир түрү. Сатисфакциялар, репрессалийлер таризинде, ошондой эле БУУ уставына ылайык, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими боюнча өз аракеттери менен тынчтыкка коркунуч келтирген же аны бузган мамлекеттерге карата колдонулушу мүмкүн болгон жамааттык санкциялардан көрүнөт. Мындай санкциялар экономикалык байланыштарды, коммуникациялардын (транспорт жана байланыш) ишин толук же жарым-жартылай токтотуудан, дипломаттык мамилелерди үзүүдөн, ошондой эле эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо жана калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон куралдуу күчтөрдү аба, деңиз жана кургактагы күчтөрдү колдонуудан (БУУга мүчө өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, камоого алуу жана башка аткарымдарынан) көрүнөт.

2) Конституциялык жоопкерчиликтин бир түрү (Мисалы: Өкмөттүн парламент алдындагы жоопкерчилиги.)

Колдонулган адабияттар түзөтүү